Жалал-Абад: Оппозициячыл фракциялар шаардык кеңешти таратууну сунуш кылышууда

Оппозициячыл «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Журт» фракцияларынын депутаттары Жалал-Абад шаардык кеңешин таратып жиберүүнү сунуш кылышууда.

Жалал-Абаддагы «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Майрамбек Адылбеков шаардык кеңешти таратып жиберүү жөнүндө сунуш көпчүлүк коалициянын үч фракциясына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Анын пикиринде, Жалал-Абад шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция түзүү боюнча чатактардан кийинки абалдан чыгуунун жолу ушул болот.

Фракциялардын биринчи биримдиги «Өнүгүү-Прогресстин», «Республика — Ата-Журттун» жана «Ата-Журттун» депутаттары тарабынан түзүлгөн.

Президентти колдогон КСДП жана «Кыргызстан» фракцияларынын өкүлдөрү көпчүлүк коалиция түзүү боюнча жыйынга катышкан эмес. Отурумдун эртеси алар коалиция түзүү мыйзамсыз болгонун билдирип сотко кайрылышкан. Бирок сот доону канааттандыруудан баш тарткан.

Көпчүлүк коалициянын курамынан «Республика-Ата Журт» чыгып, КСДП менен «Кыргызстан» тарапка ооп кеткен соң коалиция тарап кеткен, бул болсо кийинки үчөөнө жаңы бирикме түзүүгө шарт түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: