Аида Салянова эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттеги оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып койду. Азыр ал эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берди.

Депутаттын адвокаты Улан Жумаков Kloop.kgге Салянова 13-мартта сурактан жана айып коюлгандан кийин кармалбаганын билдирди.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында Саляновага адвокат Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча айып коюлду. Ал камакка алынган жок, бирок андан эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жаздырып алышты. Биз бул ишти саясий жактан негизделген деп эсептейбиз», — деди ал.

Эгерде Салянова күнөөлүү деп табылса, ал 100 миңден 200 миң сомго чейин штраф төлөп же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында Саляновага каршы кылмыш ишин козгогон.

Айыптоочу тарап Салянова жетектеген Юстиция министрлиги Елисеевдин лицензиясын анын соттолбогону тууралуу маалымкат албай туруп узартып берген деп эсептейт.

Елисеев өзү ал учурда президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим менен байланышкан кылмыш иштеринин фигуранты болгон.

Башкы прокуратура Юстиция министрлиги адвокаттын лицензиясын узартып жатып анын жеке ишинин материалдарын жок кылып салган деп шектенүүдө.

Салянова өзү бул иште кылмыш курамы жок деп эсептейт.

Оппозиция Саляновага каршы кылмыш ишин саясий кысым менен байланыштырып жатат, анткени ал конституциялык реформасына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевди сындап келген. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

Бийлик Салянованын партиялаштары Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаевге каршы да кылмыш ишин козгогон.

Шыкмаматов «Коррупция» жана «Кызматтык бурмалоо» боюнча айыпталууда. Бийлик ал Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда автоунааларды сатып алуу боюнча «жасалма» документтерди түзгөн деп эсептейт.

Текебаев «Мегаком» уюк операторуна байланышкан «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча эки айга камакка алынган. Ал азыр УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: