Сот Атамбаевдин дарегине айтылган дооматтын айынан «Ата-Мекендин» юристинин мүлкүн камакка алды

Октябрь райондук соту оппозициячыл «Ата-Мекен» партиясынын юристи Таалайкүл Токтакунованын мүлкүн камакка алды. Ал Түркиянын атайын кызматынан алынды делген документке таянуу менен 1-марттагы басма сөз жыйынында 2017-жылдын 16-январында кулаган жүк ташуучу учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаев менен анын аялына таандык болгонун айткан.

Октябрь райондук соту 16-мартта президенттин ар-намысын коргоо боюнча иштин катышуучулары менен сүйлөштү.

Жоопкер катары жолугушууга «Заноза» жана «Азаттык» интернет-басылмаларынын медиа-өкүлдөрү жана «Ата Мекен» партиясынын юристтери катышты.

Судья жоопкерлердин мүлкүн камакка алды.

«Соттун бул аныктамасында менин гана мүлкүм камакка алынды. Кыймылсыз мүлк менен автоунаалар конкреттүү саналып жатат. Башка жоопкерлерге карата бүт мүлкү камакка алынсын деп көрсөтүлгөн», — деп билдирди Токтакунова.

Анын айтымында, прокуратура компенсация өндүрүү тууралуу соттун чечими аткарылбай калат деп коркуп, ошондуктан мүлктү камакка алган.

«Сот кандай чечим кабыл алаарын баарыбыз эле түшүнүп турсак керек. Ошондуктан мүлктү камакка алып жатышат. Ошол мүлктү сатуунун эсебинен 23 миллион сом алгысы келип жатышат окшойт», — дейт ал.

Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

2017-жылдын март айынын башында Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын адвокаттарынын 1-марттагы басма сөз жыйынын чагылдырышканы үчүн «Азаттык» менен «Занозага» каршы доо арыз берген.

Анда юристтер оппозициячы Текебаев 2017-жылдын 16-январында «Манас» аба майданынын жанында кулап түшкөн түркиялык «Боингдин» жүгү тууралуу иликтөө жүргүзгөнү үчүн камака алынганын билдиришкен.

Алар Түркиянын атайын кызматынан алынды деген документтерге таянып, учактагы жүктүн бир бөлүгү Атамбаевге жана анын аялына таандык болгонун билдиришкен.

Басма сөз жыйынынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет юристтердин дооматын «болбогон кеп» деп, ал эми Түркиянын эличиси тышкы иштер министри менен болгон жолугушууда «Ата Мекендин» юристтери көрсөткөн документтин «жасалма» экенин айткан.

Прокуратура «Азаттык» менен «Ата Мекендин» юристтеринен он миллион сомдон, «Занозадан» — үч миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: