Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов КСДПнын депутаты болуп калышы мүмкүн

КСДПнын парламенттеги депутаты Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, мурдагы кызмат ордунан кетти. Депутаттык орунга кийинки талапкер Икрамжан Илмиянов — президенттик администрациянын башчысынын мурдагы орун басары жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу.

Жогорку Кеңештеги депутаттык орун социал-демократ Узарбек Жылкыбаев жаңы кызматка которулгандан кийин бошоду.

Депутат Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болот.

КСДПнын катчылыгы партиянын тизмеси боюнча депутаттык кызматка Икрамжан Илмиянов кезекте турганын билдирди.

Илмиянов өз карьерасын Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган.

Андан соң 2009-жылга чейин ошол кезде оппозицияда жүргөн Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеген.

2009-жылы Илмиянов жогорку экономикалык билим алып, Атамбаевге таандык «Медиа Форум» компаниясында экономист болуп иштей баштаган.

2010-жылдагы революциядан кийин ал Убактылуу өкмөттүн премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген — ал кезде өкмөт башчынын кызматын Атамбаев ээлеп турган болчу. 2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ал президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Ал «Вечерний Бишкек» басылмасын «рейдерлик жол менен» тартып алды деген дооматтардын шартында 2015-жылдын жазында кызматын тапшырган. Илмиянов эң ири медиа-холдингдин кожоюндарынын алмашуусуна тиешеси бар экенин танып келген — ал «караманча каралоого чыдаш кыйын болуп калганын» билдирген.

2015-жылы Атамбаев Илмияновду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган. Бул кызматта Илмиянов 2016-жылдын октябрына чейин иштеген. Анын бул кызматтан кетишине расмий түрдө «башка ишке которулганы» себеп болгон.

Асхат Акибаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн кызматынан кетип жатат. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты

Илмиянов КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келиши мүмкүн. Өз кезегинде Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин ордуна келет. Акибаев өзү Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин жарыялады.


ТЕМА БОЮНЧА: