Журналист Аида Касымалиева КСДПнын депутаты болуп калышы мүмкүн

Социал-демократ Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин парламентте КСДП фракциясынын бир орду бош турат. Партиялык тизмеде Жылкыбаевден кийин тургандар Икрамжан Илмиянов менен Абдыманап Кутушев мандаттарынан баш тартышкан. Азыр эми бир депутаттык орунга Аида Касымалиева, Заирбек Жоошбеков жана Азиз Суракматовдор талапкер болууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов депутаттык мандаттан баш тарткандан кийин фракциянын бош орунуна Абдыманап Кутушев келиши керек болчу. Бирок жакында эле парламент аппаратынын башчылыгынан кеткенден кийин Кутушев да БШКга арыз жазып, депутаттык орундан баш тарткан.

КСДПнын тизмесиндеги парламент депутаттыгына кийинки башкы талапкер — журналист жана теле алып баруучу Аида Касымалиева.

Kloop.kgге курган маегинде Аида Касымалиева айткандай, эгер ага чын эле парламенттеги орунду сунушташса, ал депутаттык мандаттан баш тартпайт.

«Муну такташ үчүн мен шаршембиге чейин күтөм. Шаршемби күнү баары белгилүү болот. Эгерде сунуш кылышса, албетте, мен макул болом», — деди ал.

Касымалиева​ КСДПнын тизмесинде ​52-талапкер болуп саналат. Ал журналист, телепродюсер, теле алып баруучу, медиа консультант, ошондой эле ал мурда «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматында кабарчы болуп иштеген.

Ал ошондой эле Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун (IWPR) Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору болуп иштеп, Кыргызстандагы НТС телеканалынын башкы продюсери дагы болгон.

Ал Москвадагы Борбордук Азиядан барган мигранттардын жана аялдардын укуктары тууралуу бир нече даректүү тасмалардын автору. Анын фильмдери «Бир дүйнө» даректүү тасмалар кинофестивалында бейгелүү орундарга ээ болгон.

Заирбек Жоошбеков жана Азиз Суракматов (оңдо).

Аида Касымалиевадан тышкары КСДПнын парламенттеги ордуна бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Заирбек Жоошбеков жана мыйзамдуулук жана укуктук тартип комитетинин мүчөсү Азиз Суракматов талапкер.

Буга чейин Жоошбеков менен Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары болуп иштешкен.

КСДПнын парламент депутаты Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 17-мартта дайындалган. Жылкыбаевге чейин бул кызматты ээлеп турган Асхат Акибаев кызматтан өз эрки менен кетип жатканын билдирген.

Кийинки күнү эле, 18-мартта, Икрамжан Илмиянов менен Абдыманап Кутушев Боршайкомго арыз жазып, депутаттык орундан баш тартышкан. БШК арыздарды бир аптанын ичинде карап чыгышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: