«Мерседес» менен бензин ташыгыч автоунаа айланма жолдо кагылыша кетип, эки киши мерт болду

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо бензин ташыгыч автоунаа менен «Мерседес» кагылыша кетти. Жеңил автоунаанын эки жүргүнчүсү мерт болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилди.

Чүй облусунун кайгуул милиция башкармалыгы «Мерседес» Токмокко баратканын билдирди.

«Мерседесте» отургандардын төртөө тең жаш — эки кыз, эки жигит болчу. Эки жүргүнчү — кыз менен жигит — мүрт кеткен. Дагы экөө оор абалда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Бензин ташыгычтын айдоочусу менен жүргүнчүсү жабыркаган жок, бирок дендароо абалда.

Алардын айтымында, «Мерседес» чоң ылдамдыкта келе жатып каршылаш тилкеге чыгып кеткен. Бензин ташыгыч автоунаа кагылышуудан кача албай калган.

Милиция кырсыктын себебин иликтеп жатат.

Сүрөт: «Заноза»


ТЕМА БОЮНЧА: