Азия кубогу-2019, тандоо: Кыргызстан биринчи матчта жеңишке жетүүдө

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылдагы Азия чемпионатынын финалдык тандоо айлампасынын биринчи матчында Макаодон келген атаандаштарын 1:0 эсебинде утуп чыкты. 70-мүнөттө жападан-жалгыз голду Азамат Байматов киргизди.

Матчтын толук видеосу:

Кыргызстан 1 – 0 Макао
70’ Азамат Байматов

Беттешүүнүн алгачкы мүнөттөрүндө эки команда тең жандуу ойноп, дарбазалардын жанында бир топ кооптуу жагдайларды жаратышты.

Бирок Кыргызстандын курама командасынын футболчулары тез эле оюнда артыкчылыкка ээ болуп, аны аягына чейин колдон чыгарышкан жок.

Биринчи таймда гол киргизүүгө Эдгар Бернхардт менен Мирлан Мурзаевдин шарты бар болчу. Бирок Макаонун курама командасынын дарбазачысы ишенимдүү ойноп, топ киргизүүгө мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандыктар биринчи таймда атаандашынын дарбазасына абдан катуу чабуул коюшканына карабастан, эсеп беттешүүнүн экинчи бөлүгүнүн ортосунда гана ачылды.

70-мүнөттө Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов башы менен гол киргизди — 1:0. Голго топту өткөрүп берүү Ахлидин Исраиловдун эсебинде.

Макаонун курама командасынын футболчулары беттешүүнүн аягына чейин эсепти теңдөө аракетин токтотушкан жок, ал тургай компенсацияланган убакыт ичинде дээрлик ошого жеткени да калышты. Бирок Павел Матяш команданы сактап калып, кыргызстандыктар үчүн бул беттешүүдө маанилүү үч упай калтырды.

Кыргызстандын курама командасы аз гана артыкчылык менен Макаону утуп чыгып, эми А тобунда Индиянын курама командасы менен кошо биринчи сапты талашып турат, ал да бүгүн Мьянмага каршы оюнда 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бул матчта бирден-бир голду Сунил Четри — Индия футболунун жылдызы киргизген.

А тобу:

Индия 3
Кыргызстан 3
Мьянма 0
Макао 0

Кийинки матчты Кыргызстан 13-июнда Индиянын курама командасына каршы конокто жүрүп ойнойт.

Азия кубогу

Азия кубогу – Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөр ичинде эң абройлуу турнир, анын финалдын бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы өткөрүлөт.

Үчүнчү тандочу айлампада Кыргызстандын курама командасы Макао, Индия жана Мьянма менен бир топко түшүп калган.

Александр Крестининдин шакирттери ФИФАнын марттагы рейтингинде 125-сапка жайгашты.

Тандоо айлампасында Кыргызстан беттеше турган атаандаш курама командалар төмөнкү позицияда жайгашкан: Индия 132-орунда, Мьянма 172-орунда жана Макао 184-орунда.

Кыргызстан тандоо баскычында ийгиликке жетишсе улуттук курама команда өз тарыхында биринчи жолу ири континенталдык турнирдин финалдык бөлүгүндө оюн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.