Премьер-министр «Ак-Кула» ат майданын текшерип чыкты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданын текшерип чыгып, аны кайра куруш керек экенин билдирди. Буга чейин ат оюндарын көрүш үчүн ондогон көрүүчүлөр металл түркүккө чыгып алып жаңжал болгон.

Жээнбековдун айтымында, Ноорузга карата ат оюндары боюнча майрамдык мелдештерде «инфратүзүмгө байланышкан маселелер ачыкка чыкты».

«Бул коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бардык болгон маселелерди тез арада чечип, анын ичинде көрүүчүлөр үчүн шартты оңдош керек», — деди ал.

Жээнбеков Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке ат майдандын тегерегиндеги сот процесстерин териштирип, өкмөткө аны өнүктүрүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

21-мартта ондогон көрүүчүлөр орун жетишпегендиктен «Ак-Кула» ат майданынын түркүгүнө чыгып кетишкендиктен премьер-министр ат майданды көрө кеткени барган.

Милиция кызматкерлеринин көрүүчүлөрдү түшүрүү аракетине карабастан, алар Ноорузга карата ат оюндарын жакшыраак көрүш үчун түркүктүн эң үстүнө чейин чыгып кетишкен.

Оюнду металл конструкциянын үстүнөн карап турган адамдардын сүрөттөрү Интернетке тез эле тарап кеткен.

Көп кишилерди көрүүчүлөрдүн жүрүш-турушу, ошондой эле тартип бузууга жол берген милиция кызматкерлеринин жоругу нааразы кылган.

Уюштуруучулар өздөрү билдиргендей, ал күнү ат майдандагы мелдештерди көргөнү 15 миң көрүүчү чогулган, ал эми ат майдан 5 миң гана кишини батырат.

ИИМ Көкбөрү федерациясы ат майданда Нооруз майрамын уюштуруу маселесин чече алган жок деп билдирген. Уюштуруучулар өздөрү болсо оюнга көз салганы түркүккө чыгып кеткен көрүүчүлөр үчүн кечирим сурашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: