Петербург: Террорчулукка көмөк көрсөтүү боюнча шек менен алты киши кармалды

Петербургдун тергөө комитети террордук уюмдарга адамдарды тартууга байланыштуу шек саноо менен алты кишини кармады. Кармалгандардын баары Борбор Азия мамлекеттеринен Орусияга акча тапканы барышкан.

«Жебхат ан-Нусра», «Ислам мамлекети» жана башка террордук уюмдарга адамдарды тартты деген шектен менен Петербургда алты киши кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар 2015-жылдан бери көбүнчө Орусияга иштегени Борбор Азиядан баргандарды тартып келишкен.

Азырынча укук сакчылары кармалгандардын 3-апрелде Петербург метросунда террордук чабуул уюштуруу боюнча шек саналып жаткан Акбаржон Жалилов менен байланышы бар-жогун текшерип жатышат.

Кармалгандар жашаган жерде тинтүү жүргүзүлүп, ислам экстремисттик адабияты жана ишке тиешеси болгон башка буюмдар алынды.

Тергөө комитети «Террордук ишмердикке көмөк көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Санкт-Петербургдагы террордук чабуулдан кийин Кыргызстандан барган мигранттардын документтерин текшерүү күч алды.

«Көпчүлүгүнүн документтери жайында, бирок алар баары бир тынчсызданып жатышат. Метродо, көчөлөрдө, эл көп топтолгон жерде текшерүү күчөдү», — деди Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кочкорбай Кутунаев.

Петербург метросундагы жарылуу

Петербург метросунун вагонунда 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жарылуу болгон. Террордук чабуулдун натыйжасында 14 киши курман болуп, 40тан ашуун адам жабыркаган.

Экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылып, зыянсыздандырылган. Түзмөк өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү кишинин үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн, ал Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалилов болуп чыккан. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ата-энеси Кыргызстандан суракка чакырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: