Тергөө комитети: ДНКнын экспертизасы террордук чабуулга шектүү Акбаржон Жалилов экенин көрсөттү

Орусиянын Тергөө комитети ДНК-экспертиза террордук чабуулга шектүү Акбаржон Жалиловдун өздүгүн аныктаганын билдирди. Жалиловдун ата-энеси анын сөөгүн тааныды.

Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко Акбаржон Жалиловдун өздүгү ДНК-экспертиза менен аныкталганын билдирди. Жалиловдун ата-энеси анын сөөгүн тааныды.

Тергөөнун маалыматы боюнча, ал поезддин вагонунда жардыруучу түзмөктү иштетип жиберген.

Укук сакчылары иликтөөнү андан ары жүргүзүш үчүн Жалиловдун чөйрөсүн текшерип чыгат.

Петербург метросунун вагонунда 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жарылуу болгон. Террордук чабуулдун натыйжасында 14 киши курман болуп, 40тан ашуун адам жабыркаган.

Экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылып, жарылганга чейин зыянсыздандырылган. Түзмөк зыян келтирилүүчү элементтерге толтурулуп, өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда туулганын, бирок акыркы алты жылда Орусияда жашаганын аныкташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: