72 жаштагы кемпирди мурдагы милиция кызматкери зордуктаганы тууралуу иш сотко өттү

Мурдагы милиция кызматкери 72 жаштагы кемпирди зордуктаганы боюнча сот 25-апрелде өтөт. Карыган аял 2016-жылдын августунун башында жыныстык зомбулуктун курмандыгы болгон.

Аламүдүн РИИБнин тергөө бөлүмүнүн башчысы Исламбек Акматов Kloop.kgге бул иш боюнча бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп, иш сотко өткөнүн, ал 25-апрелде болоорун айтты.

Пенсионер Галинанын айтымында, ал Чүй облусунун Арашан айылында 2016-жылдын 5-августуна караган түнү зордукталган. Ал анын 35 жаштагы мурда милицияда иштеген кошунасы болжол менен түнкү саат 12де үйүнүн эшигин такылдатканын айтты.

Жабыркаган кемпир тааныш аял келген экен деп чыгып дарбазаны ачкан. Ошол учурда Галинанын айтымында, кошунасы аны чачтан алып башын бетонго урган.

«Мен адегенде качып кетейин дедим, кыйкырдым, ал чачтарымды жулуп салды. Эсимди жоготтум, эсиме келсем ал мени муунтуп, тизеси менен жонумду басып турат. […]: “Эмне керек?” деп сурадым. Ал айтат: “Жүрү, жайлашабыз” деп. Анан чачымдан сүйрөп кошуналарга да, көчөдөгүлөргө да эч нерсе угулбаган бөлмөгө алып барды, өтө бузуку түрдө зордуктады. Мен дендароо абалда болдум, өлтүрүп коет го дегем», — деди ал.

Жабыркаган кемпирдин айтымында зордуктоодон кийин ал жардам сурап коңшуларына чуркап барган. Кошуналарынын бири кемпирге жардам берип, үйүн карап чыккан.

«Түнү бою ыйлап чыктым, уялдым. Эртең менен кызыма чалдым, кийинки күнү милиция чакырдык. Ошол эле күнү чакырбаганыма өкүнөм. Мени ооруканага алып барышты. Жыныстык зомбулук тууралуу экспертиза өткөрүштү, ал бул окуяны ырастады», — деди жабыркаган кемпир.

Галина зордукчунун үй-булөсү ага коңшуларды жөнөтүп, алар анын эч кимге кайрылбашын суранып, акча убада кылышкан.

«Мени тергөөчү психиатрияга экспертизага алып барып жүрдү, бирок мага менде баары жайында, андан көрө тигини [зордукчуну] психиатрияга бериш керек дешти. Анын байланыштары да, туугандары да бар. Ал ошол күнү коноктору менен отурган, ал түнү эч кайда чыккан эмес деп өзүнө алиби жасап алыптыр», — деди Галина.

Зордуктоо болгондон кийин карыган аял Бишкекке кызыныкына жашаганы көчүп кетүүгө аргасыз болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: