Бишкек: 18 жаштагы БМВнын айдоочусу эки автоунааны сүзүп алып, төрт киши жабыркады

Айтматов проспектинде 18 жаштагы БМВнын айдоочусу чоң ылдамдыкта келатып эки автоунааны сүзүп алды. Төрт киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

Үч автоунаа туш болгон жол кырсыгы өкмөттүк трассада 10-апрелде болуп өттү. Кайгуул милициясынын баштапкы маалыматтары боюнча, жол кырсыгына БМВнын айдоочусу күнөөлүү.

Кайгуул милициясынын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге айтканына караганда БМВнын айдоочусу түндүккө кетип баратып ылдамдыгын ашырып жиберип анын айынан рулду башкара албай калган. Ал каршы тилкеге чыгып кетип «Мерседести» сүзүп алган. Катуу соккудан улам «Мерседес» «Лексуска» тийип кеткен.

Бугубаев 18 жаштагы БМВнын айдоочусунун жанында айдоочулук күбөлүгү да, автоунаанын техпаспорту да болбогонун айтып берди.

Төрт киши, анын ичинде БМВнын айдоочусу да ар кандай жаракат алды.

Бугубаевдин айтымында, жабыркагандардын баары шаардын ооруканаларына жеткирилди.

Үч автоунаа тең штрафтык токтотмого жеткирилди, окуянын чоо жайы иликтенип жатат, экспертиза дайындалды.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: