Бишкекте сакчылык агенттигине ууру кирип, 19 даана куралды алып кетти

Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги «Альфа-секьюрити» сакчылык агенттигинин складына ууруга киришти. Уурулар жалпысынан 19 даана ок атуучу жана травматикалык курал уурдаган. Аларды милиция издеп жатат.

Окуя 27-апрелге караган түнү болгон. Уурулар «Альфа-секьюрити» сакчылык агенттигинин курал-жарак складына терезе аркылуу кирип, 19 даана куралды алып кетишкен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы белгисиз бирөөлөр «Макарыч» травматикалык тапанчасынан 10ду, «Сайга» аңчылык карабининен 9ду алып кетишкенин кабарлады. Бирок алар согуштук патрондорду алышкан эмес.

Сакчылык агенттиги комментарийден баш тартты. Милиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, агенттиктин жетекчиси Айбек Абылов «Кыргызстан» саясий партиясынын түзүүчүлөрүнүн бири.


ТЕМА БОЮНЧА: