Бишкектеги кафеде милиция кызматкерлери бир жигитти сабаганы боюнча иш жабылды

Бишкектеги «Оливье» кафесинин жанында милиция кызматкерлери 21 жаштагы жигитти сабаганы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Иш жабыркаган жигиттин кайтарма арызынан улам жабылды.

Бишкек ШИИБ Kloop.kgге эки милиция кызматкерине каршы козголгон иш таяк жеген жигиттин кайтарма арызынан улам 1-апрелде токтотулганын кабарлады.

«Ал жигит кол салгандарга дооматы жок экенин билдирген кайтарма арыз жазып бергендиктен тергөөчү ишти жапты. Эмне үчүн дооматы жок экени белгисиз. Таяк жеген жигиттин туугандарына көрсөтүлгөн кысым тууралуу да эч нерсе билбейбиз», — дешти басма сөз кызматындагылар.

Жаш жигит Бишкектеги «Оливье» кафесинин жанында, Токтогул көчөсү менен Манас проспектинин жанында 2017-жылдын февралында таяк жеген. Токмоктолгон жигиттин бир тууганы ошол эле күнү эки киши бир жигитти сабап жатышканы тууралуу видеону Инстаграмга чыгарган.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154369741199639/

Натыйжада жигит башынан жаракат алып, жаагы сынган.

Милиция мушташка шектүүлөрдү кармаган. Кол салгандардын бири Свердлов районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкер, дагы бирөө Бишкек ШИИБнин уюшкан кылмыш менен күрөш бөлүмүнүн кызматкери болуп чыккан.

Токмоктоо фактысы боюнча «Ээн баштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, кол салгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылыш ыктымал болчу.

Алар иштен кетирилип, ТИЗОго камалган. Андан тышкары, сабагандардын үчүнчүсүнө издөө салынган. Кийин кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген.

Бирок прокуратура бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранып, сот шектүүлөрдү үй камагына кое берген.

Жабыркаган жигиттин туугандары кысым көрсөтүлүп жатканын айтып арызданышкан. Алардын айтымында, аларга прокуратура менен парламенттегилер чалып, арызын кайра алууну талап кылышкан экен.


ТЕМА БОЮНЧА: