Бишкек: Эки автоунаа эки окуучуну сүзүп кетти

Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүндө 9-кичирайондогу жөө чыйырда төртүнчү класстын эки окуучусун автоунаалар сүзүп кетишти. Балдар оор абалда үчүнчү балдар ооруканасына жеткирилди.

Окуя 12-майда күндүз, кечки тыгынга жакын маалда болгон. Жөө чыйырда кетип бараткан мектеп окуучуларын бир учурда эки автоунаа сүзүп кеткен.

Түштүккө бараткан кара түстүү «Lexus RX 300» жөө чыйырда бараткан бир баланы сүзүп кетип, айдоочу ордунда калган.

Ошол эле учурда «Honda Civic»  экинчи окуучуну койдуруп кетип, анын айдоочусу изин качып кеткен.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы баштапкы маалымат боюнча качып кеткен автоунаанын төбөсүндө «Namba Taxiнин» шашкасы болгонун билдирди.

Кайгуул милициясы «Honda Civic» автоунаасынын айдоочусун издеп жатат.

Жабыркаган балдар оор абалда үчүнчү балдар ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда автоунаалар балдарды сүзүп кеткен учурлар көп эле кездешет, бул ушул айдагы ошондой төртүнчү окуя.

«Мерседестин» айдоочусу 11-майда Нарын облусунун Оттук айылында велосипед тээп келаткан 9 жашар баланы койдуруп кеткен. Айылдын жолу Бишкек-Торугарт аймак аралык жолуна кирет. Айылдын 100дөн ашуун тургуну жолду тосуп, «жатма сакчыларды» орнотууну талап кылышкан.

10-май күнү кечинде Бишкектеги «Кудайберген» базарынын жанында автоунаа 15 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетип, ал жан берген. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен, бирок кийинки күнү кечке жуук милиция аны кармап келди.

Бишкекте 21-апрелде автоунаа эки окуучуну койдуруп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Балдар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй айдоочу кармалып, эки айга ТИЗОго камалды. Окуучулар айыгып келатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: