Милиция Жалал-Абаддын мэрине мамлекеттик номери жок жүргөнү үчүн штраф салды

Жалал-Абаддын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев арткы мамлекеттик номери жок жүргөндүктөн милиция анын артынан куугунга түшкөн. Штрафтык токтотмого жөнөтүлгөн өз автоунаасын кайтарып алыш үчүн ал 520 сом штраф төлөдү.

Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Темирбаев арткы номери жок «Ниссан» автоунаасында кетип бараткан, андыктан рейд жүргүзүп жатышкан кайгуул милициясынын кызматкерлери аны токтотуп документин текшермекчи болушкан.

Бирок ал жол инспекторунун талабына баш ийбей койгондуктан милиция кызматкерлери анын артынан куугунга түшкөн.

Алар Темирбаевди токтотушканда анын жанында автоунаанын документтери жок болуп чыккан. Автоунаа штрафтык токтотмого алынып кеткен.

Жалал-Абад ИИБнин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков мэрдин милдетин аткаруучу Темирбаев административдик жоопкерчиликке тартылаарын айтты.

Темирбаев өзү Kloop.kgге милиция аны токтотпогонун, автоунаасынын артында номери жоктугунан улам дароо эле куугунга түшкөнүн айтты.

«Айдоочум арттагы калканчаны сындырып алып, номерди алып салыптыр. Кечинде рулга мен отурдум, артымдан милиция түшүп, мен токтодум. Мени сигнал менен токтотушкан жок, артымда номер жоктугунан дароо эле артымдан жөнөштү», — деди ал.

Анын айтымында, ал 520 сом штраф төлөп, эмгиче автоунаасын штрафтык токтотмодон алып кеткен.

Темирбаев күн сайын Жалал-Абадда ушуга окшогон 150 бузум катталаарын айтты.

«Муну мен мэрдин милдетин аткарып жатканым үчүн эле элге жайылтып жатышат», — деди ал.

Кайгуул милициясынын Жалал-Абаддагы рейди бир айдан ашуун убакыт болот. Рейддин биринчи эле жумасында укук сакчылары жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын сегиз кызматкерине административдик протокол түзүштү.


ТЕМА БОЮНЧА: