«ВБ»: Чек ара кызматынан уурдалган куралдын баасы беш миллион сомдон ашат

Чек ара кызматынын өкүлдөрү эки жыл бою курал сатышкан. Алар беш миллион 313 миң сом өлчөмүндө курал уурдашкан.

Аскерлердин курал сатышы боюнча соттун биринчи отуруму 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Иш боюнча 14 киши өтүүдө, алардын арасында ИМ өкүлдөрү, мурдагы жана азыркы аскер адамдары, ошондой эле жарандык кишилер бар.

«Вечерний Бишкек» басылмасы иштин материалдарына таянуу менен Чек ара кызматынын прапорщиги Рустам Мамбетов эки жыл бою — 2014-жылдан 2016-жылга чейин складдагы куралды сатып келгенин жазып чыкты. Уурдалган куралдын жалпы баасы беш миллион 313 миң сомду түзөт.

Мамбетов ракеталык-артиллериялык курал-жарак склады үчүн жооп берип, ок атуучу куралдын эсебин алып, анын сактыгына жоопкер болгон.

Мамбетовдун өз айтымында, аны курал сатууга складдын мурдагы башчысы Эруслан Асаналиев 2014-жылдын башында көндүргөн. Асаналиев ага складдагы АКС-74 автоматтарын сатып жиберүүнү сунуш кылган.

Куралды андан ары сатууга ортомчу, Чек ара кызматынын аскери Жолдошбек Акуев аралашкан. Биринчи автоматты айыпталуучулар 800 долларга сатышкан. Куралды өткөрүп берүү шаардын ортосунда, «Айчүрөк» соода борборунун жанында болгон.

Акчаны Асаналиев, Акуев жана Мамбетов өз ара бөлүп алышкан.

Жылдын аягында айыпталуучулар дагы бир АКС-74 автоматын жана 240 патрон сатышкан. Асаналиев бул үчүн жылкы алган. Соода-сатык Нарын облусунун Ат-Башы айылында жүргөн.

2015-жылдан 2016-жылга чейин Мамбетов жети тапанча, сегиз автоматты сатыш үчүн Акуевге өткөрүп берген. Ар бир сатылган курал үчүн алар 900-1000 доллар алып, акчаны өз ара бөлүп алып турушкан.

Акыркы жолу аскер кызматкерлери түндө көрсөтүүчү 131 комплект менен оптикалык кароолду төрт миллион сомдон ашуун суммага сатышкан.

Складдан төмөнкү куралдар уурдалып сатылган:

  • 15 даана АК-74 автоматы;
  • 10 даана АКС-74 автоматы;
  • үч даанаТОЗ-8 винтовкасы;
  • 16 даана ПМ-9 мм тапанчасы;
  • 131 даана комплект оптикалык кароол, түнкү көрсөтүүчү шаймандар;
  • Ф-1 кол гранатасы;
  • ар кандай калибрдеги 13937 патрон.

Азыр Куралдуу күчтөрдүн складдарын мекеме аралык топ текшерип жатат.

Курал сатканы үчүн кармоо

2016-жылдын октябрында милиция курал сатуу боюнча шектенип ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысын жана Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармаган.

Укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянуу менен «Заноза» басылмасы Чек ара кызматынын 26 прапорщиги менен офицери кызматынан түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Басылманын маалыматы боюнча, куралдын сатылып жатканы тууралуу кабар ИИМге мурда төрт милиция кызматкери кармалган түштүк жактан келип түшкөн. Иликтөөнүн учугу милицияны Чек ара кызматынын складына алып барган. Уурдалган курал колдонууга жараксыз катары тизмеден чыгарылып турган экен.

Ошондо эле мыйзамсыз курал сатканы үчүн Башкы штабдын аскердик бөлүгүнүн айдоочусу кармалган. Коомдук ишмер Эдил Байсалов өз твиттер-аккаунтунда кармалган киши «Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын» жеке айдоочусу болгон деп билдирген. Кийинчерээк Башкы штаб бул маалыматты четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: