Майлуу-Суу: Жер көчкүдөн улам бузулган жол жаңыдан салына баштады

Жалал-Абад облусунда бийлик Майлуу-Суу шаарын Сары-Бээ айылы менен туташтырып турган жаңы жол сала баштады. Жолду бир айдын ичинде куруп бүтүрүүгө убада берип жатышат.

Бийлик Майлуу-Суу менен Сары-Бээ айылын туташтырып туруучу 700 метрге созулган жаңы жолду сала баштады.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол бир айдын ичинде салынып бүтүп калат.

Калктуу конуштарды бириктирип турган трассаны жер көчкү бузуп кеткенден кийин айыл тургундарына тоодогу жалгыз аяк жолдор менен шаарга барууга туура келген.

Сары-Бээ айылында жер көчкү 28-апрелде жүрүп, табигый кырсык жолду бузган жана дайранын агымын тосуп калган.

Тургундардын үйлөрүн суу каптап, 100дөн ашуун үй-бүлө жабыр тарткан. Кырсыктан эч ким каза болгон эмес, жашоочулар кооптуу аймактан чатырларга которулган.


ТЕМА БОЮНЧА: