Атамбаев: Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда мамлекет башчысын шайлоо 15-октябрда өтөөрүн жарыялады. Анткен менен парламент шайлоонун датасын биротоло беките элек.

Атамбаев президенттик шайлоонун мөөнөтүн 29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн майрамдоо учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы өзүнүн бул сөзүн шайлоонун датасы парламент тарабынан расмий бекитиле электе айтып жиберди.

Мурда президент менен Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова мамлекет башчысын шайлоо күнү катары 19-ноябрды дайындашкан. Ал кезде ал күн да Жогорку Кеңеште расмий бекитиле элек болчу.

Ошондон кийин президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыштар башталган. Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясы шайлоону быйыл августта өткөрүүнү сунуш кылган.

Партиянын юристтеринин пикиринде, шайлоодон кийинки жол-жоболор 53 күнгө созулушу мүмкүн. Эгерде шайлоо ноябрдын аягында өтүп калса, Атамбаев экинчи декабрда кызматын өткөрүп бериши керек, анда өлкө кырк күн бою президенти жок калат.

Президенчил КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрга жылдырууну сунуш кылган.

Шайлоонун күнүн 15-октябрга жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте эки окуудан өттү. Бирок депутаттар ал үчүн үчүнчү окууда да добуш бериши керек, ошондон кийин ал Атамбаевге кол коюуга жөнөтүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: