Парламент байкоочулардын шайлоодогу ишин чектөөнү колдоду

Парламент үчүнчү окууда «Шайлоо жөнүндө» мыйзамды колдоду, ага киргизилип жаткан түзөтүүлөр эркин байкоочулардын ишин чектейт. Эгерде бул мыйзамга президент кол койсо, байкоочулар шайлоо комиссияларынын аракетине каршы даттана албай, бир участоктон экинчисине бара албай калышат.

«Шайлоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алыш үчүн 106 депутат добуш берип, болгону тогузу гана каршы чыкты.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова «Фэйсбуктагы» өз барагында жыйынга 78 гана парламент өкүлү катышканын, ал эми мыйзам долбоорлору боюнча башка депутаттар үчүн добуш берүүгө тыюу салынганын жазып чыкты.

«Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр боюнча добуш берүүнүн протоколу

Мыйзам кабыл алынаарда депутаттар эркин байкоочуларга тиешелүү түзөтүүлөрдүн зарылдыгы тууралуу талашып-тартышты.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Наталья Никитенко шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөрдүн демилгечилери коомдук байкоочулардын укуктарын чектеп коюшканын айтты.

«Мурда бул ченем байкоочулардын шайлоо жараянына таасир этишине жол бербеш үчүн сунуш кылынып жатканын айтты эле. Кантип эле байкоочулар биометриялык добуш берүүгө таасир тийгизе алсын?» — деди Никитенко.

Аны партиялашы Аида Салянова да колдоду. Түзөтүүлөр боюнча бир шайлоо участогунда бир уюмдан бир гана байкоочу каттала алат.

Салянованын айтымында, иштин натыйжалуулугу үчүн шайлоо участогунда жок эле дегенде эки байкоочу болгону зарыл.

«Иш натыйжалуу болушу үчүн байкоочу участоктон 08:00дөн тартып 20.00гө чейин кетпеши керек. Бирок андай болушу мүмкүн эмес экенин түшүнүп турабыз. Анын үстүнө өкмөттөн эркин уюмдар ар кандай болот. Талапкерлерге, партияларга жакындары бар, бул процессте көптөн бери иштеп жүргөндөрү бар, алардан бир гана байкоочу болушу чектөө катары бааланат», — деди Салянова.

Президентчил КСДП фракциясынын депутаты жана түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин бири Асел Кодуранова коомдук байкоочулардын укуктары кемибей турганын айтты.

«Бир өкмөттөн эркин уюмдан бир гана байкоочу болушу мүмкүн деп жазылып турат. Эгерде андай 10 уюм болсо бир участокто алардан 10 байкоочу болот. 20 уюм болсо 20 байкоочу болот. Силер киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү окугула. Эмне үчүн биз алардын укуктарын чектеп жатабыз деп ойлоп жатасыңар?» — деп сурады ал.

Мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдүн башка демилгечиси, КСДПнын депутаты Дастан Бекешев да ага «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жакпай турганын айтты.

«Биз мыйзам долбоорун жаңыдан иштеп чыкканда ал үч беттен турган. Азыр ушунчалык көп түзөтүү кирип кеткендиктен ал 15 бет болду. […] Мен демилгечилердин бири болсом да, айрым ченемдер мага деле жакпайт», — деди ал.

Бирок Бекешев үчүнчү окууда түзөтүүлөрдүн долбоорун өзгөртүүгө болбой тургандыгын, андыктан баарын добуш берүү чечиши керек экенин эске салды.

Байкоочуларды чектөө

Түзөтүүлөргө ылайык эркин байкоочулар шайлоо участогунда катталышы керек. Андан тышкары бир участокто бир өкмөттөн эркин уюмдан бир гана байкоочу жүрө алат.

Аларга бир участоктон экинчисине барууга жана шайлоо комиссиясы мыйзам бузса, ал тууралуу арызданууга да тыюу салынат.

Мурда, 30-майда, укук коргоочулар Президенттик Администрациянын алдында митинг уюштуруп, эркин байкоочулардын ишин чектей турган тузөтүүлөрдү кабыл алуудан баш тартууну талап кылышкан.

Митингди уюштурган укук коргоочу Динара Ошурахунова бул түзөтүүлөрдү «бийликтин тапшырмасы» деп эсептейт. Анын пикиринде, бийлик шайлоо жараянына көзөмөл болушун каалабайт.


ТЕМА БОЮНЧА: