Маданият ишмерлери Атамбаевден бактарды кыюуну токтотууну талап кылышты

Кыргызстандын маданият ишмерлери президент Алмазбек Атамбаевден Бишкектеги бактардын кыйылышына көңүл бурушун талап кылышты. Бак-дарактар — «шаардын жападан-жалгыз өзгөчөлүгү» дешет алар.

Эколог Эмил Шүкүров билдиргендей, Кыргызстан мыкты экологиялык көрсөткүчтөрү боюнча азырынча он өлкөнүн бири болуп саналат, бирок ошону менен бирге эле экосистеманы жок кылуу боюнча да алдыда.

Шүкүровдун айтымында, 50 жыл мурда шаарда бир кишиге 30 чарчы метр бак-дарак туура келсе, учурда ал үч чарчы метрден азды түзөт. Бийлик жол куруу үчүн бактарды кыюу менен шаардыктардын ою менен эсептешпейт жана өз аракеттерин «жакшыртуу» деп аташат.

«Шаар айлана-чөйрө менен байланышкан, дем алуу органдары, онкология оорулары боюнча биринчи орунда турат. Дээрлик бардык балдардын аллергиясы бар. Бизди пландык түрдө жок кылынып жаткан бак-дарактар гана коргоп турат. Керек болсо реконструкция болбогон көчөлөрдө да бактарды кыйып жатышат. 60 жылдан ашты деп авариялык абалга чыгарып коюшат, же даракты жок кылууга шылтоо таап башка себепти айтып коюшат», — деди Шүкүров.

Мода үйүнүн директору Дилбар Ашимбаева бийлик жолду кеңейтиш үчүн ботаникалык бакчадагы дарактарды кыюуну пландап жатканына нааразы болду.

«Ботаникалык бакча — таштарды жылаңач колдору менен казып, бак-дарактарды тиккен ата-бабаларыбыздын кыялы. Биз Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюуга жол бердик. Ботаникалык бактын бир бөлүгүн кыяйын деп атышат. Келгиле, анда борбордук аянтка кайсы бир депутат үчүн мончо куруп берели», — деди ал.

Публицист Эмил Жумабаевдин айтымында, бак-дарактар — «шаардын жападан-жалгыз өзгөчөлүгү».

«Парктар менен сейил бактар — булар коомдук жайлар. Бактарды кыюу менен биз макамына карабастан ар бир адам убакыт өткөрө турган коомдук жайлардан кол жууп калып жатабыз. Муну менен биз теңсиздик өлкөсүнө айланып жатабыз. Шаар адамдар үчүнбү, же машиналаргабы, чечишибиз керек?» — деп суроо салды ал.

Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюуга каршы болгон активисттерди милиция кармап кеткенине кыжырданды.

«Баарынан дагы бактардын кыйылышына каршы турган активисттерге кылган мамилеси таң калтырды. Аларды укук коргоо органдары кармап кетти. Балким, милиция кылмыштуулук менен күрөштү башташы керектир? Биз мегаполис эмеспиз, биз архитектуралык ансамбли, өзгөчө бак-дарактары менен таанымал болгон кичинекей, тынч шаарчабыз», — деди Молдокматова.

Активист жана Токтоналиев көчөсүнүн тургуну Гүлнара Журабаеванын айтымында, бийлик бактарды кыюу боюнча макулдашылган документтерди эч кимге көрсөткөн эмес.

Ошондуктан активисттер прокуратурага Бишкек мэри Албек Ибраимовго кызмат абалын кыянат пайдаланганы үчүн кылмыш ишин козгоо боюнча доо арыз менен кайрылышкан.

Бул көчөнүн тургундары шаардыктар менен мэриянын жаңжалы жөнгө салынганга чейин жолду оңдоо боюнча каржылоону токтотуп турууну Кытай элчилигинен өтүнүштү.

Журабаеванын айтымында, эгерде шаар бийлиги бактардын кыйылышы боюнча тургундар менен кепке келбей турган болсо, жаңжал мындан ары да өсө бермекчи.

Авторлоршу: Регина Им


ТЕМА БОЮНЧА: