Депутат Канат Исаевге козголгон иш мыйзамсыз деп табылды

Токмоктун мурдагы мэри, учурдагы депутат Канат Исаевге козголгон кылмыш ишин Жогорку Кеңештин комиссиясы мыйзамсыз деп тапты. УКМКнын тергөөчүүлөрү аны муниципиалдык менчик мүлктү саткан деп күнөөлөшкөн.

Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү кылмыштуу иштин материалдары менен таанышып чыгып, аны мыйзамсыз козголгон дешти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев 2010-жылы Токмокто автобекет куруу үчүн «жалган тендер өткөзүп» мамлекетке миллион сомго жакын зыян келтирген.

Ошондой эле, Исаев 700 миң сомго жалган келишимдерди түзгөн жана мыйзамсыз түрдө жатакананын имаратын саткан деп айыпталууда. Кылмыш иштин материалына ылайык, мамлекетке эки миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Канат Исаев ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү негизсиз деп, андан баш тартып келет.

2010-жылы Канат Исаев парламентке депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу, УКМКнын тергөөчүлөрү аны суракка ала албай калышкан, ошол себептүү анын иши токтотулган.

2016-жылы Канат Исаев баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөргө макул болбогонуна байланыштуу «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кетип, бирок парламентте депутат болуп калган.

Ноябрь айында «Азия Ньюз» басылмасына берген маегинде, Исаев Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы чыгып жаткандыгынан улам, прокуратура анын Токмокто эки жыл аркалаган мэрлик кызматын текшерип жатканын айткан.

2017-жылы жайында Башкы прокуратура жатакананы мыйзамсыз сатуу жана жалган тендер уюштуруу боюнча Канат Исаевге ачылган кылмыш ишин УКМКга өткөрүп берген.

Ал эми 2017-жылдын июнь айында Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Токмоктогу китепкананын мыйзамсыз сатылыш боюнча кылмыш ишин кайра жанданган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: