«Азия Ньюз»: Исаев Конституция боюнча референдумга нааразылыгын билдирген соң анын ишин прокуратура текшерип жатат

Парламент депутаты Канат Исаев Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөргө каршы чыкканы үчүн прокуратура тарабынан куугунтукталып жатканын «Азия Ньюз» гезитине билдирди.

Исаев өзүнүн Токмок шаарынын мэри болуп турган кезиндеги ишмердүүлүгүн прокуратура текшере баштаганын «Азия Ньюз» гезитине билдирди. Ал шаардык муниципалитетти 2008-жылдан 2010-жылга чейин жетектеп турган.

«Мен эки жыл Токмокто мэр болдум. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бир айлык командировкага чыгып, менин эки жылдык ишимди текшере башташканы аныкталып атат. Тилекке каршы, биз мурдагы эки президенттин кетишинен сабак алган жокпуз, дагы эле эски каталарды кетирип жатабыз», — деди ал.

Азыр Исаев — «Кыргызстан» фракциясынын депутаты. 28-октябрга чейин ал ушул фракциянын башчысы болчу, бирок Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан соң бул кызматты башка партиялашына өткөрүп берген.

Исаев бул текшерүүнү Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү процессине өзүнү нааразы болгону менен байланыштырат — ал Башмыйзамды алмаштырыш керек, бирок шашылыш алмаштырган болбойт деп эсептейт.

«[…] андан кийин мен Конституциялык палатанын экинчи чечими менен таанышып чыгып, талкуу учурунда эки тараптын жүйөлөрүн угуп, тиешелүү жыйынтыкка келдим. Экинчиден, эгерде алар чын эле депутаттардын пикирин билгиси келсе, добуш берүү жашыруун болушу керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок», — деп түшүндүрдү ал.

Исаев парламенттеги депутаттар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул болбогону үчүн кысымга алынып жатышканын кошумчалады. Анын айтымында, көпчүлүк коалиция түзүүдө эки фракцияга — «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресске» — бирикмеге кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калганы муну даана көрсөтүп турат.

«Демек, Конституцияга байланыштуу көз карашынын айынан эки фракция коалицияга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурат. Менимче бул туура эмес. Кыргызстандын, саясий системанын келечеги боюнча ар бир депутаттын өз пикири бар. Ал эми коалиция өкмөт менен байланышкан», — деди ал.

Жаңы көпчүлүк коалиция үч фракциядан — КСДПдан, «Кыргызстандан» жана «Бир Болдон» турат.

Конституциялык реформа

Конституциялык реформа парламентте талаш туудурган. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн тарапкерлерин гана калтыруу максатында КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны таратуу боюнча демилге көтөргөн.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр улуттук мыйзамдардан эл аралык келишимдердин артыкчылыгынан баш тартууну, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жана соттордун үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт.

Түзөтүүлөргө мурдагы президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, парламенттин айрым депутаттары жана жарандык активисттер каршы чыгышкан.

Алар 2020-жылга чейин Конституцияга түзөтүү киргизүүгө болбой турганын жүйө тутуп, өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин жана регламенттин бузулушун сынга алышкан.

Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккандарды президент Алмазбек Атамбаев сындап, аларды «чагымчы» деп атаган.

Атамбаев «жикчилдик үчүн» өмүр бою абакка кесилген Кадыржан Батыровдун 2010-жылы качып кетишине азыр Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыгып жатышкан Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун иликтөөгө тапшырма берген.