Видео: Троллейбус менен маршруттук таксинин айдоочулары мушташа кетишти

Абдрахманов жана Москва көчөсүнүн кесилишинде троллейбус менен маршруттук таксинин айдоочулары жол талашып мушташа кетишти. Ал учурда айдоочу сыртка чыгып кеткенде троллейбус ордунан жылып кетип маршуткадан түшүп жаткан адамдарды коюп кете жаздаган.

Күбөлөрдүн айтымында, троллейбус Абдрахманов менен Москва көчөсүндөгү аялдаманы көздөй бурулуп жатканда аны маршруттук такси «кысып» өткөн.

Троллейбустун айдоочусу дароо токтогондуктан кырсык болгон жок. Бирок бири-бирине жини келген айдоочулардын ортосунда мушташ чыгып кеткен.

Жини келген троллейбустун айдоочусу маршрутканын айдоочусуна нааразылыгын көрсөтүп эшиктерди бекитип аны чыгарбай койгон.

Жыйынтыгында узакка созулбаган талаш-тартыштан кийин маршруттук таксинин айдоочусу троллейбустан чыгып өзүнүн унаасына отурган.

Анын артынан троллейбустун айдоочусу эшикке чыккан. Троллейбустун тормозу иштебей калгандыктан унаа ордунан жылып кеткен болушу ыктымал.

Ал учурда маршрутканын айрым жүргүнчүлөрү эшике чыга баштаган. Троллейбус эшиги ачык маршуртка менен алардын ортосунда калган бир нече адамды аз жерден сүзүп кете жаздаган.

Жүргүнчүлөр тез чыгып кеткендиктен эч ким жабыр тарткан жок.

Ошол жерде жүргөн патрулдук милициянын кызматкери абалды жөнгө сала алган эмес.

Патрулдук милициядан Kloop.kgге билдиришкендей, окуя боюнча иликтөө иштери башталган.

«Катталган окуя боюнча техникалык-көзөмөл бөлүмүнө маалымат берилди. Алар окуяны териштиришет», — деди патрулдук милиция баркармалыгын маалымат катчысы Талант Бугубаев.

Ошондой эле, милиция окуя болгон жерде кызмат кылып жүргөн кесиптештеринин тек-жайын тактап жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: