Бишкектик төрт кыз өзгөчө акция өткөрүштү. Алар ЦУМдан борбордук мечитке чейин башка кыздарды каалагандай кийим кийүүгө шыктандырыш үчүн чолок шымчан жөө жүрүшкө чыгышты.

Баяндама кыздардын жүрүшүнө көз салган Регина Имдин атынан жүрөт.

Жети-сегиз журналисттен турган топ жөө жүрүшкө чыккан төрт кыздын артынан баратышты. Операторлор менен фотографтар кадр жасап калыш үчүн биринен-бири калышпай алардын алдына өтүп жатышты. Журналист кесиптештерим катышуучулардан алып жаткан интервьюсуна кулак салып калдым: «Алар бизге эмне кийүүнү, кандай кийим кийүүнү таңуулагынан каалабайбыз» дешти алар.

Жүрүштүн маршруту кыска: активист кыздар ЦУМдун алдына чогулушту, жүрүштүн акыркы дареги болсо Бишкектин борбордук мечити. Бул аралыкты он беш мүнөттө басып өтүүгө болот.

Мечит Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. ЦУМдан мечитке чейин барыш үчүн жолдо Ислам университети менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (муфтият) жанынан өтүүгө туура келет. Анткени алардын баары бир көчөдө орун алган.

Жүрүшкө чыккан кыз-келиндердин артында кетип баратып хижабдын айынан жумушунан бошотулган мэрия кызматкерин ойлоп жаттым.

«Ай кандай гана татынакай кыздар!» — деди эски буюмдарды сатып отурган бир киши журналисттерден жана эркек операторлордон өз сөзүнө колдоо табуу максатында көздөрүнө карап.

Марш уланып отуруп Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде кыздар бири-бири менен акылдаша баштады. Ал учурда коомдук желелерде «Бул эмне деген чагым? Билип туруп мындай тобокелге баруу керек беле?» деген сөздөр чыга баштады.

— Кандай кылалы, уланталыбы?

— Мечитке чейин баралыбы?

Кыздар Ислам университетинин студенттеринин, муфтияттын кызматкерлеринин жана намаз окугандардын көз караштарын байкоо үчүн мечитке чейин барууну чечишти.

Муфтияттын ашканасына жеттик. Активист кыздар суу сатып алыш үчүн кирүүгө ашыгышкан жок. Мен ал жакта олтурган кардарлар чолок шымчан кыздарды кандай кабыл ала турганын байкоо үчүн алардын артынан кирдим. Столдо олтурган бир канча эркек кишилер кыздарды бир сыйра карап, кайра телефондорун кармашып кептерин улантышты.

Ашканадан чыкканда жөө жүрүш уюштургандардын бири Гүлайым Айылчыдан акциянын себептери жөнүндө сурадым.

Анын айтымында, жакында эле тизесине жеткен юбка кийип жумушуна бара жатса, алдынан чыккан төрт балага анын кийинип алганы жаккан эмес.

«Алар: "Эгерде сен динди бек карманган адам болгонуңда, мындай кийинмек эмессиң" деп айтышты. Мен эмне деп жооп кайтараарымды билбей калдым. Мен бизде [эркектер] эшиктен каалаган адамды токтотуп алып ушинтип сын тагаарына таң калдым», — дейт Гүлайым.

Жөө жүрүш муфтият менен Ислам университетинин жанында болууда. Азырынча көңүл борборунда — диктофон кармаган журналисттер менен операторлор.

Акциянын мүчөлөрү коомдук тармактардагы билдирүүлөргө көз салып жатышат. Ал учурда коомдук желедеги колдонуучулар кыздарга «жума намазга келгендерди өздөрүнүн акциясы менен чагым кылып жатышат» деп нааразылыгын билдире башташкан.

Гүлайым аларга бул жактарда күнүгө эле ушундай кийимчен басып жүрөөрүн, ошондуктан бул акциядан эч бир чагым көрбөгөнүн айтты жооп катары.

«Мындай болсо анда бардыгы, баарыбыздын жашообуз — чагым. Эгерде биз бүгүн бул нерсеге көз жумуп, "мейли бүгүн узунураак юбка киели" деп үндөбөй койсок, эртең ошол юбка андан да узунураак болот, эртең бүрсүгүнү ал хижабга айланат», — деп түшүндүрдү ал.

«Көз караштардан, жада калса динди бек кармап, туура кийингендердин мамилесинен деле байкасак болот. Алар бизди адашып, бир башка жол менен кетип бараткандай карашат.»

Активисттер хижабга каршы чыгып жатышпаганын дароо эле белгилешти. Алардын айтымында, эң башкысы аялдардын тандоосу коомчулук тарабынан таңууланбашы керек. Аялдар эч кандай айыптоолордон коркпостон каалаган кийимдерин, анын ичинде хижабды да өз каалоосу менен кийиши керек дешет алар.

Жөө жүрүш мечитке жетти.

Айлана башаламан. Узун кийинип, колуна жай намаз кармаган эркектер мечиттин алдында отурган кайырчылардан өтүп кире беришке чогулууда. Жума намаз башталганга саналуу гана мүнөттөр калды.

Кыздар сүрөткө түшүш үчүн мечиттин дубалынын жанында жөө чыйырга чогулушту.

Активист кыз-келиндердин бул аракети шашып бараткан адамдын көңүлүн бурду. Ал мечиттин кире беришине токтоп, кыздарды суроолуу карап тура берди. Бир канча секунд карагандан кийин айланадагылардын көңүлүн кыздарга бурууга аракет кылып: «Мечиттин жанында ушинтип сүрөткө түшкөн болобу?» деп сурады.

Кыргызстан туристтик өлкө экени эсине түштүбү же кыздарга айланадан эч ким көңүл бурбай өтүп кетип жатканынан уламбы, айтор ал нааразы болуп, күбүрөнгөн бойдон намаз окуган адамдардын арасына сиңип кетти.

Активисттер тарайлы деп жаткан убакта аларды тыкан кийинген бир эркек киши токтотту.

«Бул эмне деген акция, кайсыл уюмдан болосуңар?» — деп кызыгып сурап жатты ал.

Жөө жүрүштүн катышуучулары кокустан пайда боло калган кишинин ким экенин тынбай сурай беришкендиктен ал адам Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүндө иштей турганын жана экстремизм, терроризм менен күрөшөөрүн ачыктады. Ал намаз окуган адамдар тарабынан «күтүүсүз кадамдар» болуп кетишинен улам кооптонуп жатканын түшүндүрдү.

Мындан тышкары ал эгерде кыздарга кимдир бирөө кол салса, биринчи кезекте аларды коргой турганын убада кылды.

Ушуну менен жүрүш бүттү. Активисттер жана журналисттер телефондоруна тигилип, коомдук желедеги жазууларды караган бойдон тарап кетишти. Коомдук түйүндөрдө жөө жүрүш боюнча талкуу башка жактарда болуп көрбөгөндөй абдан кызуу болду көрүнөт.

Жума намаз эч бир тартип бузуусуз, мурдагыдай эле өтүп жатты.

Которгон Алмир Алмамбетов

Сүрөт: Айбол Кожомуратов


ТЕМА БОЮНЧА: