Виталий Пономарев Кыргызстандан экстремизмге каршы болуп өткөн форумдан кийин 5-июль күнү чыгып кеткен. Төрт күн өткөндөн кийин ал өлкөгө кайра кире албай койгон, кыргыз-казак чек арасында ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган акт берилген.
«Мемориал» укук коргоо борборунун башчысы Виталий Пономарев 9-июль күнү «Ак-Жол» өткөрүү бекетинен токтотулуп, ага Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салган акт берилген.
«Канча убакытка жана качан бул тыюу салынганы түшүнүксүз болууда. Мен азыр Казакстандамын, 11-июлда Москвага чыгышым керек болот», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде.
Ал 30-июндан 3-июлга чейин «Кылым шамы» укук коргоо уюму жана Норвегия Хелсинки комитети менен биргеликте экстремизмге каршы уюштурулган форумга катышкан.
Ал мейманканада кийимдерин калтырып коюп, 5-июль күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.
Укук коргоочу анын форумга катышкандыгы Кыргызстанга кирбөөгө себеп болгонун айтууда.
«Биз ал жакта бир катар кылмыш иштерин талкуулап, күч органдарын сынга алганбыз», — деди ал.
Кыргызстандын бийлиги бул жөнүндө үн ката элек.
Виталий Пономарев кыргыз бийлигинин чечимин даттанаарын айтты.
Пономаревдун айтымында, мындай тыюуну Курманбек Бакиев башкарып турганда дагы беришкен, бирок 2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки Убактылуу өкмөт ага кайрадан өлкөгө кирүүгө мүмкүндүк ачкан.
Которгон Алмир Алмамбетов
ТЕМА БОЮНЧА:
- Михайлов: «ТИМ мага каттоо режимин бузганым үчүн өлкөгө киришиме тыюу салынганын билдирди»
- Орусиянын элчилиги ТИМден Михайловду чыгарып жиберүүнүн себептерин түшүндүрүүнү талап кылды