Акаевдин мурдагы күйөө баласын 20 жылга абакка кесүү өкүмү чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бермет Акаеванын мурдагы жолдошу Адил Тойгонбаевди сыртынан 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, «Манас» аэропортуна 10 миллион долларга  жакын акча төлөп берүүнү милдеттендирди.

Тойгонбаев 2005-жылы президенттиктен кулатылган Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы. Ага карата 12-июлда 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Бийлик алмашкандан кийин 2005-жылы ал Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык», «Салык төлөөдөн баш тартуу» сыяктуу бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тойгонбаевге карата сырттан өкүм чыкты, анткени ал учурда издөөдө жүрөт. Сот Акаевдин күйөө баласына 20 миң сом өлчөмүндө айып тагып, кошумча 10 миллион АКШ долларын «Манас» аэропортуна төлөп берүүнү милдеттендирди.

Тойгонбаев Алматы, Москва, Дубай өлкөлөрүндө колго түшүрүлгөн, бирок бийлик аны Кыргызстанга өткөрүп ала албай койгон.

Аскар Акаевдин башкаруу учурунда Тойгонбаев Aalam Services компаниясын жетектеп турган. Аталган компания «Манас» аэропортуна күйүүчү май ташуу менен алектенген.

Тойгонбаев 1999-2005-жылдар аралыгындагы алты жылда оффшордук жалган компаниялар аркылуу жалпы 677 миллион сом кирешени жашырган.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын жолдошу болгон.

Ага карата 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги алмашкан учурда "алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган" деген да күнөөлөр тагылгандан кийин издөө салынган.

Ал ошондой эле Аскар Акаевдин бийлигин сынга алган бейөкмөт уюмдар менен күрөшкөнү боюнча белгилүү болгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: