Кыргызстан чыгашалуу делген чех компаниясы менен кызматташтыкты улантат

Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитети Кыргызстанда ГЭС курууну убада кылган  Liglass Trading «чыгашалуу» чех компаниясы менен кызматташтык токтотулбастыгын билдирди.

Энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рыспек Токтоналиев Kloop.kgге курган маегинде айткандай, Liglass Trading компаниясынын «Юникредит» банкындагы эсебинде 383 миллион евро бар жана азырынча ГЭС куруу боюнча кол коюлган келишимди буза элек.

Токтоналиев кошумчалагандай, чех компаниясы тендерден утуп алгандан кийин кепилдик төлөмүн берген.

«Алар 1 миллион 150 миң АКШ долларын беришкен. Кошумча алар конкурска катышуу үчүн 30 миң АКШ долларын төлөшкөн», — деди Токтоналиев.

Ал белгилегендей, Энергетика боюнча мамлекеттик комитет азырынча чех компаниясы менен кызматташтыкты токтотууну көздөгөн жок.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги бийликке соттун чечимине ылайык Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташпоону кеңеш берип, анын төлөөгө жөндөмсүздүгү жөнүндө айткан. Мындан тышкары, аталган минстрлик компаниянын ишкердик бедели жана мурдагы ийгиликтүү келишимдери боюнча маалымат тапкан эмес.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Liglass Trading компаниясынын ишмердигин жана аны менен түзүлгөн келишимди текшерүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан кезексиз жыйын өткөрүүнү талап кылган.

«Эгерде өкмөт Liglass Trading менен күтүүсүз түрдө келишимди жокко чыгарбаса, кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарынан кезексиз жыйынга чогулуусун талап кылууга мажбур болот», — деп жазган Байсалов.

Чыгашалуу Liglass Trading

Кыргыз өкмөтү Liglass Trading фирмасы менен июль айынын башында Жогорку Нарын ГЭСин жана 10 чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон.

Өткөн аптада чехиялык үч басылма тендерде утуп алган Liglass Trading компаниясын «чыгашалуу» деп дароо жазып чыгышкан.

Маалыматтарга ылайык, чехиялык компания эч качан ГЭС куруу менен алектенген эмес жана анын юридикалык дареги боюнча Праганын чет-жакасында кароосуз калган имарат жайгашкан.

Ошондой эле Neovlivni басылмасы, чех президентинин канцелярия башчысы Вратислав Минарж аталган компанияны Кыргыз өкмөтүнө сунуштаганын ачыкташкан жана журналисттер бул нерсени «сүрөмөлөө» деп аташкан.

Кыргызстандын президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковго жазылган катта анын чехиялык кесиптеши Liglass Trading фирмасын «Европада өзүн жакшы көрсөтө алган» компания деп атаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: