Бекназаров менен Исаков сотто Текебаевдин пайдасына көрсөтмө беришти

Мурдагы прокурор Азимбек Бекназаров, КСДПнын мурдагы депутаты Исмаил Исаков менен «Ата мекен» партиясынын мурдагы парламенттеги өкүлү Болот Шер соттук отурумда оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин пайдасына көрсөтмө беришти.

Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион АКШ доллар алган деп шектелип жаткан Өмүрбек Текебаев боюнча кезектеги соттук жыйын 19-июлда болуп өттү.

Жактоочулар күбө катары 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн бир нече өкүлдөрүн, ошондой эле Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен ошол кезде чогуу иштеген адамдарды чакырышты.

Жактоочу тараптын көрсөтмөлөрү Текебаевдин 2010-жылы «Мегаком» байланыш операторунун жетекчисин алмаштырууга тийиштиги жок экенинин үстүндө болду.

Орус ишкеринин көрөтмөсүнө ылайык, Текебаев «Мегакомдун» башкы директорун Маевскийдин адамы эсептелген Алексей Модинге алмаштыруусу керек болчу.

Убактылуу өкмөттүн орун басары, ошол кезде прокуратура жана каржы полиция органдарын жетектеп турган Азимбек Бекназаровдун айтымында, компанияны улутташтыруу менен жетекчиликти алмаштыруу маселесине Мүлк министрлиги (учурда ММБФ) жоопкер болгон.

«Эч кандай Текебаев, эч кандай Чотоновдордун "Мегакомго" тиешеси жок болчу. Текебаев конституциялык реформа, ал эми Чотонов өзгөчө кырдаалдар менен алектенип жүрүшкөн», — деди Бекназаров.

Ушундай эле көрсөтмөлөрдү 2010-жылы ички иштер министри болуп турган Болот Шер дагы берди.

Талаш жараткан күндөр

Башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эки талаштуу күн боюнча болду. Маевский өз көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-май жана 21-декабрь күндөрү Текебаев жана Чотонов менен жолукканын айткан.

Жактоочу тараптын бир нече күбөлөрү билдиргендей, эки саясатчы 13-май күнү Маевский менен жолуга алмак эмес, анткени Чотонов ошол күнү Ошко учуп кеткен, ал эми Текебаев «Хаятт» мейманканасында тегерек столдо жана Убактылуу өкмөттүн чукул жыйынына катышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матеновдун айтымында, 2010-жылдын 13-майында түштөн кийин ал башка аскер кызматкерлери менен Ош аэропортунда Дүйшөнкул Чотонов менен Исмаил Исаковду тосушкан.

Анын айтымында, ал күнү түштүктөгү борбор менен Жалал-Абадда башаламндыктар болгон. Исаков менен Чотонов Ошко келип, президенттин резиденциясына кетишкен, ал жакта аларды облустун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен шаар мэри Мелис Мырзакматов күтүп жатышкан.

«Биз өтүп кетиш үчүн жол түзүп бергенбиз. Ошто жана шаарга жакын аймактарда абал тынч эмес болчу», — деди Курманакун Матенов.

Ал эми Текебаевдин күзөт кызматында иштеген күбөсү Эдилбек Алымкулов, ал күнү саясатчы өкмөт үйүнөн кайра-кайра «Хаятт» мейманканасына барып турган. Алымкуловдун айтымында, ал Текебаевди түшкү тамактануу учурунда гана көргөн эмес.

Мурдагы депутат Камчыбек Ташиевдин билдиришинче, Текебаев 2010-жылдын 21-декабрында Маевский менен өзүнүн парламенттеги кабинетинде жолуга алмак эмес, анткени ал жок болчу.

«Мен 22-декабрда Жогорку Кеңешке келбей турганымды билгем, ошон үчүн Текебаевди алдын ала туулган күнү менен куттуктап коюуну чечкем. Мен 21-декабрда кабылдамада болгом, бирок мага ал жок экенин айтышкан», — деди Ташиев.

Кабинет чаташтыгы

Сот отурумунун үчүнчү эпизоду боюнча Текебаев менен Маевскийдин биринчи жолугушуусу өткөн ыктымал кабинет тууралуу сөз болду.

Тергөө экспериментинин учурунда Маевскийдин адамы Алексей Модин Текебаевге деген акчанын жарымын берээрде жолугушкан кабинетти видеодо көрсөткөн.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлдөрү Исмаил Исаков менен Болот Шер билдиришкендей, Модин учурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган кабинетти көрсөткөн.

«Мындай кабинеттен экөө эле. Эгерде чыгыш тарабынан караганда биринчи кабинет, ал эми батыш жактан карасак экинчи кабинет бар. Ошол кабинеттерде Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаевалар отурушкан», — деди Исаков

Авторлоштору: Нуржамал Жанибекова, Регина Им, Алмир Алмамбетов, Айдар Айбеков.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: