Шайлоо-2017: Темир Сариев биринчи болуп БШКга топтолгон кол белгилерди тапшырды

«Ак шумкар» партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев өзүнүн тарапкерлеринин ичинен 60 миң кол белги чогултуп, Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи болуп тапшырды.

Кол белгилер салынган бир нече коробканы Сариев өзү көтөрүп келип БШКга тапшырган.

Мыйзам боюнча ар бир талапкер БШКга 30 миңден кем эмес кол топтоп бериши керек, бирок Сариев андан эки эсе көп топтогон.

Ал өзүнүн тарапташтарынын жана командасынын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин шайлообуз акыйкаттык жана атаандаштык менен өтөт деп ишенем», — деди Сариев.

Эгерде БШК топтолгон колдордун түп нускасы анык экенин тастыктаса, анда Сариевди мамлекеттик тил боюнча сынак күтөт.

Ошондой эле Сариев 1 миллион сом өлчөмүндө милдеттүү түрдө төгүлө турган күрөөсүн бериши керек. Талапкердин шайлоо фондунда учурда 2,2 миллион сом бар.

Буга чейин белгисиз адамдар 19-июлга караган түнү президенттике талапкер Темир Сариевдин Ош облусундагы штабына кол салышкан. Андан бир күн мурда сотто Сариев коррупцияга шектелип жаткан оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин пайдасына көрсөтмө берген.

Учурда КСДП президенттик партиясынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаевди кошкондо жалпы 32 адам президенттикке талапкерлигин коюшкан.

Ал эми президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Сүрөт: «24.kg».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: