«Электр станциялардын» акционерлери Liglass Trading менен кызматташууну жактырды

«Электр станциялар» акционердик коомунун жыйынында Liglass Trading чех компаниясы менен кызматташуу келишими жактырылды. Келишимге ылайык, чех компаниясы Акбулуң менен Жогорку Нарын ГЭСтерин курууга 230 миллион доллар бөлүшү керек.

«Электр станциялардын» акционерлери көпчүлүк добуш аркылуу Liglass Trading чех компаниясы менен түзүлгөн келишимди жактырды.

Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушу эки баскычка бөлүндү.

Биринчи баскычта чехиялык инвесторлор 57 миллион доллар бөлүп, ошондой эле Кыргызстандын орусиялык «Рус Гидро» компаниясынын алдындагы карызын төлөйт.

Экинчи этапта калган 173 миллион АКШ доллары бөлүнөт.

Liglass Trading компаниясынан шек саноо

Liglass Trading компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишимге 10-июлда кол коюлган.

Келишимге кол коюлган күндөн бир жума өткөндөн кийин чех журналисттери компанияны «чыгашалуу» жана «анча белгилүү» эмес деп жазышкан.

Компаниянын 2014-жылдагы акыркы отчетунда көрсөтүлгөндөй, фирманын операциялык кирешеси 1 миллион 62 миң чех кронуна (же 47,9 миң АКШ долларына) төмөн болгон.

Ал эми Кыргызстан чех компаниясы менен келишим түзөөр алдында беш ай мурун тышкы иштер министрлиги Liglass Trading фирмасы менен кызматташпоону өтүнүп кеңеш берген, анткени аталган министрлик компаниянын ишкердик бедели жана мурдагы ийгиликтүү келишимдери боюнча маалымат тапкан эмес.

Бирок, Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитети эсебинде 383 миллион евро бар компания менен кызматташтык токтотулбастыгын билдирген.

Liglass Tradingдин башчысы Михаил Смелик билдиргендей, ГЭС курууга жумшала турган каражаттын көпчүлүгү — «анын жеке топтогон акчаларынан» алынган.

Чехиялык Liglass Trading менен келишимди Кыргызстан бир жактуу түрдө орусиялык «Рус Гидро» компаниясы менен мурдагы келишимди жокко чыгаргандан кийин түзгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов

ТЕМА БОЮНЧА: