Ысык-Көл: Милиция «Алтын-Көл» пансионатында мушташты уюштурган адамды издөөдө

Кара-Ой айылынын «Алтын-Көл» пансионатынын жээгиндеги мушташ, эс алып жүргөн адам чатырларды ижарага берген 9 жаштагы баланы чаап салгандан кийин башталып кеткен. Эс алып жүргөн адам жергиликтүү жашоочулар тараптан токмоктолгон, милиция мушташты баштаган адамды издеп жатат.

Ысык-Көл облусунун ИИМнин версиясы боюнча, «Алтын-Көл» пансионатынын жээгиндеги мушташты Кара-Ой айлынын жергиликтүү тургуну баштаган.

«Мушташты баштаган Кара-Ой айлынын 21 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ошол бала эс алып жүргөн адамга кол көтөрө баштаган. Ал качып жүргөнү белгилүү болду. Укук коргоо органдары анын жүргөн жерин аныкташты жана жакын арада кармалат», — деп билдиришти аталган мекеменин маалымат кызматынан.

Милиция мушташ фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Алтын-Көл» пансионатынын жээгинде 28-июлда жергиликтүү жашоочулар менен эс алып жүргөн адамдын ортосунда мушташ чыгып кеткен.

Окуяны көргөн күбөлөрдүн биринин айтымында, эс алып жүргөн адам 9 жаштагы баланы чаап салган. Жергиликтүү тогуз жаштагы бала көл жээгинде заара ушаткан баланы көрүп анын атасына «баласын начар тарбиялаганын» айтып эскертүү берген.

Баланы чаап салганын көргөн жергиликтүү жашоочулар эс алып жүргөн адамга чуркап барышканда, ал азыр «бирөөгө телефон чалып барыңарга бирди көрсөтөм» деп коркута баштаган.

Тогуз жаштагы баланын апасы арыз менен милицияга кайрылган. Ал чынында эле баласын сабап салышканын айтууда.

Окуяны көргөн башка күбөнүн айтымында, урушту тогуз жаштагы бала өзү баштаган.

Бул окуянын версиясы боюнча, эс алуучу адам баланы чаппай эле болгону түртүп койгон. Бул нерсени көргөн үч жаш бала тогуз жаштагыга болуша кетишкен.

Ур-токмокко алынган адамдын кызынын айтымында, тогуз жаштагы бала мушташтын башка катышуучулары менен кошо анын атасын бетке тепкилеген.

Кийинчерээк 42 жаштагы бишкектин тургуну милицияга кайрылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: