Шайлоо-2017: БШК Текебаев чогулткан кол белгилерди кабыл алуудан баш тартты

Боршайком президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди колдогондордун 38 миң кол белгисин жараксыз деп тапты, анткени кол белгилер коюлган кагаздар саясатчынын шайлоо фондунан каржыланбаганы себеп болгон.

БШКнын жумушчу тобу Текебаевдин колдоосуна чогултулган кол белгилерди кабыл алуудан баш тартты, анткени алар саясатчынын жеке чөнтөгүнөн каржыланган.

«БШКнын нускамасында шайлоо фондунан кол белгилер коюла турган кагаздар даяр боло электе чогултулган бардык кол жазмалар жараксыз деп табылат деген пункт бар. Бул нерсе кол белгилер коюлган кагаздардын жараксыз деп табылганына себеп болду», — деп билдирди Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева.

Кол белгилерди кабыл алуу чечими боюнча жыйында Текебаевдин каржы маселелери боюнча өкүлү болгон жок, ал БШКга жаралган жагдайды түшүндүрүп бере алмак.

Бирок залда отурган саясатчынын өкүлү Алмаз Таалайбеков команда биринчи кезекте колдорду чогулта берүүнү көздөп, кийинчерээк фонддун каражатын «толуктап» коймок деди.

Текебаевдин иши

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев келерки президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири. Жакында эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебавди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Бирок саясатчы берилген мөөнөттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Ал эми Текебаев өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептейт. Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: