Сот «Ата мекендин» адвокаттарына Атамбаевге 10 млн сом төлөп берүүнү милдеттендирди

Бишкек шаардык соту оппозициялык «Ата мекен» партиясынын адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди моралдык зыян катары президент Алмазбек Атамбаевге 10 млн сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Юристтер президенттин ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Токтакунова Kloop.kgнин журналистине өзү жана анын кесиптеши соттук жыйында катышпаганын билдирди.

Анын айтымында, алар «жалган» жана «сатылма» соттук чечимдерге каршылык билдирүү максатында жыйынга барышкан эмес.

«Биз Бишкек шаардык сотуна ишенбейбиз. Алардын өз ойлору жок, алар өйдөдөн айтылганды аткарышат. Биз башкы жооптуулар келген жок деп жок дегенде уктурууну жылдырышат деп ойлогонбуз, бирок андай болбоду. Бардыгы биз божомолдогондой болду», — деди ал.

Азиз дагы Фейсбук барагында жыйындын болоорун билип туруп каршылык билдирүү үчүн барбай койгонун жазган, анткени «чечим тууралуу алдын ала билген».

Токтакунова менен Азиз чечимди Жогорку сотто даттанышат.

Буга чейин ушундай эле чечимди биринчи инстанциядагы Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган, анда ал Токтакунова менен Азизди президентке 10 млн сом моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүнү милдеттендирген.

Сотто президенттин атынан Башкы прокуратура катышууда. «Ата мекендин» адвокаттары «Манас» аэропортуна жакын кыштактын үстүнө кулаган түрк учагындагы жүктөр президент Атамбаевге тиешелүү ыктымалдыгын айтып чыгышкандан кийин Башкы прокуратура аларга каршы дароо президенттин атынан сотко арыз берген.

Дача-Су кыштагындагы учак кырсыгынын натыйжасында 39 адам жана учактын төрт экипажы каза тапкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: