Жээнбеков 21-августта өкмөт башчылык кызматтан кетиши керек

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 21-августта Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык кызматтан кете тургандыгын билдирди.

Депутат Момбековдун айтымында, өкмөттүн 21-августта өтө турган жыйынында Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүүсү расмий жарыяланат.

Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда премьер-министрлик ыйгарым укуктарын убактылуу токтото алат. Эгерде ал президент болуп шайланбай калса өкмөт башчылык ордун кайра кайтарып ала алат.

Сүрөт: Султан Досалиев

Премьер-министр ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын ордуна өкмөт башчылык милдетти аткарууга биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев келет.

Бирок кыргыз интернети менен айрым ЖМКлар келерки жыйында премьер-министрлик кызматка 40 жаштагы саясатчы Сапар Исаковдун талапкерлиги көрсөтүүлөөрүн жазып жатышат.

Сүрөт: Султан Досалиев

Ал эми президенттин аппарат башчысы кызматын аркалап, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин «оң колу» аталып жүргөн Сапар Исаков бул маалыматтарга комментарий бере элек.

Мурдараак ЖМКлар менен кыргыз интернети Сапар Исаков президенттикке талапкер болуп чыгаарын жазышкан, бирок саясатчы 2017-жылдын май айында шайлоого катышпасын убада кылган.

Кыргызстандын президентин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда бул кызмат үчүн 50дөн ашык талапкер ат салышууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: