Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Мухамметкалый Абулгазиев парламент жаңы өкмөттү бекиткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткарууну токтотуп, президенттин кеңешчиси кызматына дайындалды.

Мухамметкалый Абулгазиев жаңы өкмөт түзүлгүчө премьер-министрдин милдетин аткарып турган.

Сапар Исаковдун талапкерлиги премьер-министрлик кызматка бекитилгенден кийин Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп калды.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы 26-августта кол койгон.

Буга чейин 2016-жылдын апрель айынан тартып Абулгазиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Ага чейин ал Кыргызстандын социалдык фондунда ар кандай кызматтарда иштеген жана Бишкекте калкты жумуш менен камсыздандыруу департаментинде директор болуп эмгектенген.

Президенттин кеңешчилери

Мухамметкалый Абулгазиевден тышкары президенттин кеңешчилеринин арасында Мира Карабаева бар. Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов коомдук башталыштагы кеңешчилери болгон.

Кеңешчи болуп 2017-жылдын август айынын ортосуна чейин иштеген Калыкбек Султанов, мурдагы премьер-министр жана бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер болуп аттанган Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги шайлоо штабынын начальниги болуп дайындалган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: