Жалал-Абаддагы Чаткал районунда уран калдыктарынын арасында 50 жылдан бери жашап келе жаткан тургундар бар. Алар ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын айтышат.

Кыргызстандын батышындагы Чаткал районунун Сумсар жана Шекафтар кыштактарында учурда 7000ге жакын калк жашайт.

Совет доорундагы атом долбооруна байланыштуу негизделген мурдагы шаарчалар Сумсар жана Шекафтар азыр айылдарга айланган. Эки айылдын аралыгы он чакырымдай.

Алгач 1946-жылы Шекафтарда уран шахтасы ачылып, үч жылдан кийин бул жерде Шекафтар шаарчасы пайда болгон. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Кыргыз ССРинде радиоактивдүү элементтерди изилдөө иштери башталган маалга туура келген.

Андан кийин 1952-жылы Сумсар шаарчасы негизделип, анда коргошун шахтасы ачылган.

Сумсардагы коргошун шахтасы 1977-жылы жабылса, он чакырымдай алыстыктагы Шекафтар айылындагы уран шахтасы 1957-жылы ишин токтоткон.

Арадан жарым кылымдай убакыт өтүп, азыр Шекафтар жана Сумсар айылдарындагы калдык сактагычтардын жалпы көлөмү 4 млн куб метрди түзөт.

Сумсар: ден соолуктун начарлашы

Чегир Жапаралиев дал ошол уран жана коргошун шахталарында иштеген. Карыя азыр 90 жашта. Ал Сумсардын шахталарында эмгектенген айылдагы көзү тирүү жалгыз аксакал. Шахтада 15 жыл эмгектенген ардагер кат тааныбайт. Ошого карабастан ал кезде коргошун казган шахтада жумушчулар тобуна бригадир болгон.

«Айлык акыбыз жогору болчу. Сүт ичирип, тамак-ашыбызды аябай жакшы карашчу. Бирок, ошол учурда ден соолугума зыян экендиги оюма келбеген экен. Эми болсо минтип ден соолугум начарлап кетти. Дене боюм сыздап ооруйт, колум бир учурда эле кыймылсыз болуп, катып калат», — деп кейиди аксакал Жапаралиев.

Ал ай сайын 8 миң сомдой пенсия алат. Бирок анын баары дары-дармекке жетпесин кошумчалады ардагер.

«Иштеп жүргөн жылдары бул дарт бир аз байкалганы менен маани берген эмесмин го. Анын азабы көп жылдан кийин билинип жатат.

Ден соолугум үчүн мамлекеттен бир ирет 25 миң сом төлөп берилген», — деди ал.

Жашоочулардын тынчсызданышына негиз бар экенин Сумсар айыл аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Тажибаева да бекемдеди. Анын айтымында, Сумсар айылында 1 жылда кеминде 2-3 бала кулагы, же башка бир дене мүчөсү жок болуп төрөлөт.

«Мындай майып балдар дал ушул айылдын борбордук бөлүгүндө жашаган энелерден төрөлөт. Учурда бизде жашагандардын дээрлик жарымынан көбү аз кандуулук менен жабыркайт. Акыркы жылдары онкологиялык оорулар, гипертония менен кант диабети, жүрөк ооруларынын саны өстү. Ошондой эле рак оорусу күч алды. Мурда каттоодо 3-4 киши турса, азыр алардын саны 20дан ашты», — деп токтолду Тажибаева.

Шекафтар: аба аркылуу тараган радиация

Шекафтардагы кен калдыктары 2012-жылы бийиктиги 1,5-2 метрди түзгөн тосмо менен курчалган. Тосмолор адамдарды жана мал-жандыктарды кооптуу аймакка кирүүдөн сактаганы менен бирок, бул радиациянын аба аркылуу таралуусуна бөгөт коё албайт.

Жергиликтүүлөр жаан жааганда үймөктөр чаңып, тамакты кургатуучу жана аллергияны пайда кылуучу жыт чыгарын айтышат.

Шекафтар айылынын тургуну Мээркан Хакимбекованын үйү кен үймөгүнүн жанында жайгашкан. Кээ бир оорулардын башка аймактарга салыштырмалуу дал ошол айылдарда көбөйүп жатканы аны тынчсыздандырат.

«Өзүм курактуулардан бир топ улуу көрүнгөнүм менен жашым 50дө. Айылдагылардын ар кандай оорудан баспай калып жатышы, рактын көбөйгөнү, тери ооруларына чалдыгып, тиштери эрте түшүүсү урандын зыяндуулугу буга далил эмей эмне?» — деп суроо салат айыл тургуну Хакимбекова.

Ал эми Шекафтар айылында жайгашкан Ленин атындагы жатак мектеби менен кен үймөктөрү турган дөбөчөнү бир гана дубал бөлүп турат. Бирок, 600дөн ашуун окуучу билим алган мектептин директору Алтынбек Нурумбетов окуучуларда кооптуу оорулар байкалбаганын айтат.

«Окуучулар маал-маалы менен текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Өзүбүздүн эки врач, эки медайымыбыз бар. Ушул учурга чейин окуучуларда кооптуу оорулар байкалган эмес», — деди Нурумбетов.

Ууланган суу жана экологияга зыяны

Улуттук илимдер академиясынын Медициналык көйгөйлөр институтунун директору Рахманбек Тойчуевдун айтымында, бул аймактын эң негизги көйгөйү — ууланган суу.

«Сумсарда жашагандар кадимкидей коргошун кошулган сууну ичип, уу сиңген топуракка мөмө-жемиш эгип жеп, радиациялуу абадан жутуп эле жашап келе жатышат», — деди ал.

Тойчуевдин айтымында, бул аймакта мамлекет да, эл да аткара турган иш көп.

«Уулуу зат сиңген сууну ичишет бул аймактагылар. Сууну бөлүп чыгарууда бөйрөккө күч келип, ошол себептүү бул аймакта бөйрөктүн потологиясы көп. Мындан сырткары, жүрөк, боор, ашказан, ичеги-карынга сөзсүз таасир этет. Шекафтардагы урандын зыяндуулугу болсо гендик деңгээлде таасир этип, тубаса ооруларга негиз болот. Бойдон түшүү, балдардын өлүк төрөлүүсү, акыл-эс жагынан жабыркап төрөлгөн, акыл-эси кеч өрчүүчү балдар төрөлөт», — дейт ал.

Анын айтымында, тоо-кен казындылары, калдык сактагычтар экологияга жана адамдын ден соолугуна өтө зыян. Анткени, анда цианид, кислота, силикат, нитрат, сульфатты кайра иштетүүдө колдонулчу металлдардын тузу сымал радиоактивдүү жана уулуу калдыктар бар.

Ал эми жамгыр жааганда шахтадан чыккан суу түз эле агып барып Сумсар сайына кошулуп кетет. Айыл аймагындагы сайды жээктей отурукташкан жергиликтүүлөр бул суудан ичишип, малдарын сугарышат.

Ошондуктан бул жерде жашагандар көбүрөөк табигый азыктар менен тамактанышы керек экенин айтат ал.

«Учурда биздин максат — уулуу заттарды организмге түшүрбөө. ЮНИСЕФ менен биргеликте жаңы аппараттардын жардамында кош бойлуу аялдарды жана түйүлдүктү кароодон өткөрүүнүн үстүндө иштеп атабыз», — деп токтоло кетти Тойчуев.

Кыргызстанда кен калдыктарын кантип көзөмөлдөшөт?

1999-жылдан тарта кен калдыктары сакталган жайлар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин карамагына өткөрүп берилген.

Ошондон бери аталган агенттик өз каражатынын эсебинен реабилитациялоо иштерин жүргүзүп келет. ӨКМнин кызматкерлери Сумсардагы ачылып калган тоо-кен үймөктөрүнүн үстүн 2014-2015-жылдары жабышкан.

Сумсар менен Шекафтар айыл аймагындагыларды башка жакка көчүрүүгө жер жок. Буга байланыштуу айыл аймак башкармалыгы тиешелүү жетекчилер менен эл аралык уюмдарга кайрылышкан.

Натыйжада калдыктарды алып чыгуу иштери 2018-жылга пландалганын билдирди Сумсар айыл аймагынын жооптуу катчысы Алижан Жерембаев. Ал ошондой эле үч жыл мурун 2015-жылы Германиядан атайын адистер келишип, бул жердеги ичүүчү суулардан бардык анализдерди алып кетишкенин айтты.

«Алардын берген жыйынтыгына караганда, радиация өтө эле зыяндуу деңгээлде эмес. Ошентсе да, уран калдыгы көмүлгөн жай болгондон кийин жергиликтүүлөрдө ар кандай оорулар байкалууда», — деди жооптуу катчы.

Радиоактивдүү калдыктарды алып чыгарып кетүү иштери 2,3 млн еврого бааланган. Алар Дүйнөлүк банк аймакты тазалоо боюнча акча маселесин чечсе эле 2018-жылдан тарта иштер башталат деп үмүт кылышат.

Авторлошу: Айдай Беделбек кызы
Сүрөт жана видео: Алибек Ажибеков

ТЕМА БОЮНЧА: