Ысык-Көл: Милиция баңгизат менен адамдардын тобун кармады, биринен ИИМдин күбөлүгү табылган

Укук коргоо органдары Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында 10-сентябрда баңгизат сатууга шектелип жүргөн бир нече адамды кармады. Кармалгандардын бирөөсүнөн ИИМдин кызматкеринин күбөлүгү табылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын начальнигинин орун басары Карина Аманкулова Kloop.kgге курган маегинде «ыкчам-издөө иш-аракеттери» уланып жатканын жана ошондуктан эч кандай комментрий бере албастыгын билдирди.

Аманкулова ИИМ кызматкеринин күбөлүгү табылып кармалган адам укук коргоо кызматкериби же жокпу айтуудан баш тартты.

Ысык-Көл облусунун прокурору Айнура Иманалиева билдиргендей, кармоо 10-сентябра таңкы саат 4:00дө болгон.

Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Партнер-Нефть» май куюучу бекетинде милиция баңгизат сатууга шектелип жаткандардын биринин машинасын текшерип көрүүнү чечкен.

Текшерүү учурунда 25 жаштагы Бишкектин тургунунун баштыгында 50 ширеңкенин кабына салынган баңгизаттар табылган. Тартылып алынган заттардын салмагы 850 граммды түзгөн.

Мындан тышкары кармалган адамдын өзүндө ИИМдин Атайын күзөт башкы башкармалык бөлүмүнүн күбөлүгү болгон.

Милициядан билдиришкендей, ал менен кошо машинада бир канча адам болгон, бирок кармалгандардын так саны азырынча маалымдала элек. Алардын бардыгы тыюу салынган баңгизаттарды сактоо жана ташууга шектелип кармалды.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр милициянын райондук бөлүмүндөгү убактылуу камоо изоляторуна жеткирилди.


ТЕМА БОЮНЧА: