Бабановдун штабы тарабынан добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Октябрь райондук соту президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынын өкүлдөрү тарабынан добуштарды сатып алуу фатысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Саясатчынын штабынан азырынча бул окуяга комментарий берише элек.

Башпрокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-сентябрда Октябрь райондук сотуна Бишкектин тургуну тарабынан арыз түшкөн, ал Бабановдун штабынын координаторлору Бишкектин 12-кичи районунда алардын талапкерине добуш берүү үчүн ага акча сунушташканын билдирген.

Арыз жазган адам далил катары Бабановдун штабынын координаторлору менен болгон сүйлөөшүнүн видеосун көрсөткөн, алар добуштарды сатып алуунун планын талкуулашкан.

Башпрокуратуранын маалыматына ылайык, видеодо 30-35 жаштагы аялдар Асанбай кичи районундагы кошумча участокто Бабанов үчүн добуш бере турган шайлоочулардын добуштарын №2 формасы аркылуу сатып алуу жолун түшүндүрүшөт.

Кылмыш ишти Октябрь райондук соту «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча козгоду. Ишти кароо 2017-жылдын 4-октябрына дайындалды.

Кылмыш жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин штрафты же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын шарттайт.

Октябрь райондук соту Бабановдун үгүтчүлөрү аркылуу добуштарды сатып алуу боюнча дагы бир материалды карап жатат.

Милицияга бир аял арыз менен кайрылган, ал аял Бабановдун үгүтчүлөрү алардын талапкеринин пайдасы үчүн добуш берүүгө 1000 сом сунушташканын айткан. Ал акчага ал аял Бабановго добуш берүү үчүн дагы 10 адамды алып келиши керек болгон.

Арыз жазган аял далил катары үгүтчү менен болгон маектин видеосун көрсөткөн. Сот бул ишти карай баштады.

Бабановдун штабынан бул окуялар боюнча расмий билдирүү жасоону убада кылышып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Өмүрбек Бабанов — бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: