Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитети Казакстан тараптын 100$ млн өлчөмүндө техникалык жардамынан баш тартууну колдоду. Эми партамент үч окуунун жалпы уктуруусунда келишимди денонсациялоону карап чыгышы керек.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бюджет жана каржы боюнча комитеттин жыйынында Казакстан 100 млн долларды 2014-жылы эле бөлүп берүүнү убада кылып, бул боюнча келишимге 2016-жылы гана кол коюлуп, бирок азыркыга чейин каражат бөлүнө электигин билдирди.

Зилалиевдин айтымында, Кыргызстан бул каражатка лаборатория курууну көздөп жаткан болчу.

«Биз алардын жардамын күтпөй эле бюджеттин эсебинен лаборатория курдук, дагы да курабыз. Албетте бизге кыйын болот, бирок эгерде биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди башка эч ким сыйлабайт, ошондуктан денонсация кылууну чечтик», — деди Зилалиев.

Ошондой эле, ал лаборатория куруу үчүн өкмөт бюджеттен же башка каржы булактарын издей турганын билдирди.

Натыйжада комитеттин мүчөлөрү Казакстан менен болгон келишимди денонсациялоону колдошту.

Мурдараак 100 млн доллардан баш тартууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, 15-октябрда Кыргызстан Казакстандын жардамына «муктаж эмес» деп билдирген.

«Азыр мени казактар бизге 100 млн доллар берип жатканына жемелешүүдө […]. Бул техникалык жардам деп аталат. Биз аларга көйгөйлөрүбүз менен баргыча алар үч жыл күтүштү. Чындыгын айтканда, бизге мындай жардамдын керекги жок», — деп билдирген президент.

Кыргызстандын өкмөтү документти парламентке 20-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошуп кеткенден кийин жөнөткөн.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын 5 июлунда кол койгон. Каражаттар Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуудагы жол картасын түзүүгө, бажы бекеттеринин техникалык абалын жакшыртууга жана жабдуулоого, ошондой эле, ветеринардык жана карантин тутумдарын жаңылоого сарпталмак.

Казакстан менен дипломатиялык чыр

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин начарлап кеткен.

Казак чек арачылары 10-октябрдан баштап чек арадан жарандарды өткөрүү тартибин күчөткөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр жаралып, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Казак чек арачылары бул нерсени террористтер менен аткезчилерди аныктоо боюнча «пландык операциялар» менен түшүндүрүшкөн.

Чек арадагы абал эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрүнүн 18-октябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшырган — жеке жактар, бош унаалар жана жүргүнчү таашыгандар чек арадан тездетилген тартипте өтө башташкан.

Бирок аткаминерлерлер жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убада кылышкан.

Эки көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде дагы деле кезек күтүүлөр менен авто тыгындар сакталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: