МКК «Самара» боюнча иликтөө үчүн «Клоопту» сотко берет

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) «Самара» системасы боюнча иликтөө үчүн Kloop.kgнин редакциясын сотко берет. Kloop.kgнин журналисттери бир ай аралыгында МККнын серверинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын сактаган мамлекеттин эмес samara.kg сайты камтылганын далилдешкен.

МККнын басма сөз кызматы Kloop.kgнин алардын серверинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын иштеткен samara.kg деген тышкы сайт болгону жөнүндө иликтөөсүн «божомол жана иллюзия» деп атады.

«Kloop.kgнин жалган макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамлекеттик катто кызматы Kloop.kgнин "Кыргызстан өкмөтүнүн серверин президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылыш үчүн кантип колдонушкан?" деген тантык макаланы чындыкка коошпогон деп төгүндөгөнгө милдеттендирүү үчүн доо арыз менен сотко кайрылат», — деп айтылган МККнын билдирүүсүндө.

Kloop.kg менен иликтөөнүн авторлорунун жообу:

Биз чындыгында эле samara.kg сайты шайлоо учурунда өкмөттүн 212.112.124.142 серверинде камтылганы туурасында бекем далилдерди келтирдик. МКК өз тарабынан болгон фактыларды четке каккан бир дагы аргумент келтирген жок.

Биз сотто өзүбүздун аргументтерди келтирүүгө кубанычта болобуз. Адилеттүү териштирүү боло турган болсо биз макалабызда аталган серверге эксперттердин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз бары бир МККнын билдирүүсүн чоң ыктымалдык менен мекеменин кызматкерлери же серверге кирүү мүмкүнчүлүгү бар адамдардын жасаган кылмыштарынан көңүлдү буруп кетүү максатында көзкарандысыз ЖМКларга кысым кылуу аракети деп баалайбыз.

Биз МКК тарабынан болуп жаткан кыжырды кайнаткан аракеттердин айынан дүйнө жүзү боюнча Кыргыз Респубикасынын паспортунун бедели түшпөйт деп үмүт артабыз.

МКК менен «Самара» жөнүндө талаш

Мурдараак МКК алардын серверинде эч кандай жеке сайт камтылбаганын, ал эми алардын адистери бузуп кирүүнүн издерин табышкан эместигин билдирген. Аталган мекеме Kloop.kgнин журналисттеринен иликтөөнүнү төгүндөөөнү талап кылышкан.

Kloop.kgнин журналисттери бул нерсени кылбай турушканын билдиришкен, анткени аларда МККнын серверинде samara.kg сайты камтылганы боюнча төгүнгө чыгарылгыс далилдер бар.

Иликтөөнүн авторлору МККнын жообунда материалда көрсөтүлгөн фактыларга түшүндүрмөлөр жок деп эсептейт.

«Бузуп ачуу болгон эмес деген билдирүү менен МКК бул версияны жокко чыгарып, бул "Самаранын" иштөөсүнө өз кызматкерлери камтылганы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) калтырды», — деп билдирди иликтөөнүн автору Ринат Тухватшин.

Иликтөөнүн авторлору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура МККнын ишмердигине карата иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.

Kloop.kgнин журнаисттери 26-октябрда швециялык Qurium фондусунун санарип криминалисттери менен биргеликте президенттик шайлоодогу үгүт иштери учурунда Кыргызстандын өкмөтүнүн сервери бир айдын аралыгында өзүнө samara.kg деген мамлекеттик эмес сайтты камтыганын далилдешкен.

Бул сервер өлкө жарандарынын пресоналдык маалыматтарын: паспорттордун номерин, ИННди жана биометрикалык маалыматтарды көзөмөлдөйт.

Бул серверге кирүү мүмкүнчүлүгү ар бир президенттикке талапкердин үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу түрдө жеңилдетип, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка дуушар кылат.


ТЕМА БОЮНЧА: