Атамбаев памирлик кыргыздын үй-бүлөсүнө үй белек кылды

Президент Алмазбек Атамбаев жакында эле балалуу болгон памирлик кыргыздын үй-бүлөсүнө беш бөлмөлүү үй белек кылды. Ымыркайдын ысымы Атамбаевдин урматына Алмазбек деп коюлган.

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Жыпар Мамбетова Kloop.kgге курган маегинде билдиргендей, үй эмеректери менен кошо белекке берилген беш бөлмөлүү үй 1 млн 180 миң сом турат.

«Бүгүн үйдүн ачкычын президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси Мухаметкалый Абулгазиев тапшырды», — деди Нарын мэриясынын кызматкери Элиза Качкымбаева.

Анын айтымында, Абулгазиев учурда Нарын облусунда жайгашкан этникалык ар бир памирлик кыргызга президенттин атынан 50 миң сомдон тапшырган.

Октябрдын ортосунда Кыргызстандын бийлиги Нарынга 33 памирлик кыргыздарды алып келген, алардын арасында жашы жете элек 17 өспүрүм бар. Алардын бардыгы өз балдарына билим берүү үчүн жана өздөрү билим алуу максатында келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: