Сүрөт: «Азаттык»

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын бюджетине 400-500 млн сом түшпөй калышы мүмкүн.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 13-ноябрда парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, Мамлекеттик бажы кызматы бул жылы 1 млрд 800 млн сом чогултушу керек болчу.

Бирок Казакстан менен болгон чек арада пайда болгон көйгөйлөрдөн улам «бажы тармагы боюнча бюджетке 400-500 миллион сом түшпөй калышы мүмкүн».

Анын айтымында, 2 млрд сом өлчөмүндө салыкты толук албай калуу коркунучу бар. Өкмөт чек арада туруп чыгымдарга учурап жаткан ишкерлерге салыктарды төлөө мөөнөтүн жылдырып берген.

«Чек арадагы кырдаал боюнча коркунунчтар көбөйүп жатат, биз аны чечүү жолдорун даярдоодобуз», — деди Касымалиев.

Аталган министрликте азырынча Кыргызстандын бюджетине түшпөй кала турган каражаттын так өлчөмүн ачыкташкан жок, анткени маморгандар учурда эсептөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен Атамбаев аларды өлкөнүн байлыктарын «уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин оорлоштурган — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал 18-октябрда жакшырган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Бирок жүктүү унааларды жеңилдетилген тартипте өткөрүү маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. 13-ноябрга карата маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашуун жүктүү унаа турган.


ТЕМА БОЮНЧА: