Таластагы курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Таластагы митинг, сүрөт: "Спутник"

Активист Мавлян Аскарбеков билдиргендей, уюштуруучулардын бири кармалгандыгына байланыштуу Таласта курултай өткөрүү токтотулду. Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен бийликтин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен казууга берген уруксаты талкууланмак.

Курултай 18-ноябрга белгиленген болчу. Өлкөнүн жарандары Таласка барып, өздөрүн кызыктырган маселелерди көтөрө алышмак. Ошондой эле, курултайда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен бийликтин «Кумтөр» компаниясы үчүн эки мөңгүдө кен иштетүүгө берген уруксатын талкуулоо пландалып жаткан.

Иш-чаранын уюштуруучулары курултайдын жыйынтыгы боюнча бийликтегилерге талаптары менен кайрылуу даярдайын деп жатышкан.

Аскарбеков «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, курултай бийлик тараптын «ачык кысымы» менен митингдердин катышуучусу жана уюштуруучулардын бири Шамбет Кубатбековдун кармалышына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Анын айтымында, 16-ноябрда кармалган Кубатбековдун айылдаштары аны колдоп митингге чыгышып, бошотууну талап кылышкан.

«Бирок аны жөн эле кармашып, 15 суткага камап салышты […] Бул адамдарды сотсуз жана тергөөсүз кармап, камашкандай кандайдыр бир 37-жыл го», — деди активист.

Аскарбеков бийликтин аракеттерин калк үчүн «кыжырлуу» деп атап, аларды мыйзамдарды сактоого чакырды.

Мурдараак ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кубатбековдун «Таластагы өткөн митингдерге эч кандай тиешеси жок». Аны ИИБдин начальниги болуп турган кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деп шектеп жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: