Атамбаев: «Самара» боюнча УКМК иликтөө жүргүзүп атат

Кыргызстандын мурдагы президенти. Сүрөт: Султан Досалиев, президенттин басма сөз кызматы.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо учурунда өкмөттүк сесрверде камтылган samara.kg сайты боюнча «Клооптун» журналисттик иликтөөсүн «чагым» деп атады. Атамбаев бул иш боюнча УКМК иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Атамбаев «Клооптун» кабарчысынын «Самара» боюнча суроосуна жооп берип жатып журналисттик иликтөө менен анын жыйынтыктарын «чагым» деп атады.

«Самара (же samara.kg)» — шайлоо учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкмөттүк серверинде камтылган жана шайлоочулардын жеке маалыматтарын камтыган жеке сайт. Бул сайт негизинен натыйжада президенттик шайлоодо жеңип чыккан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«"Клоптогу" жолдоштор, ал менен УКМК алектене баштады. Мына көрөсүңөр, ал жакта байланыш Сооронбай Жээнбеков менен эмес, силердин тарапка барып бурулуп калышы мүмкүн. УКМК бул менен алектенүүдө. Бул уюшулган атайын чагым… Келгиле, иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы», — деп билдирди Атамбаев.

Президент «Жээнбеков тарабынан эмес» деп айтуу менен башка ким тарабынан «чагым» уюшулганын тактаган жок. «Бул бардык оюндар дал ошол Кыргызстандын денесиндеги ушундай клоптор тарабынан […] Биз силерге салыштырмалуу таза шайлоо үчүн».

Ушул эле басма сөз жыйынында Атамбаев билдиргендей, маалыматтардын сактыгы үчүн МКК кылмыш жоопкерчилигин мойнуна алышат. «Эгерде МКК маалыматтардын коопсуздугуна кепилдик берип жатса, алар бул үчүн кылмыш жоопкерчилигин мойнуна алышат», — деди Атамбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен «Клооптун» кабарчысына «Самара» боюнча иликтөө жүргүзүлүп жатканын тастыкташты.  

«Самара» боюнча иликтөөнүн авторлорунун бири Ринат Тухватшиндин комментарийи:

«Мен мамлекет кыжырды кайнаткан бул кыянаттыкты иликтей баштаганына абдан кубанычтамын. УКМК тарабынан иликтөө коомчулук үчүн ачык эмес жүргүзүлүп жатканы абдан жаман. Биз иликтөө жүргүзүлүп жатканы боюнча биринчи жолу жашыруун булактан уктук. Атамбаев — иликтөө чындап эле жүргүзулүп жатканын тастыктаган биринчи аткаминер.

Биз иликтөө дыкат жүргүзүлөөрүнөн үмүт артабыз. 48 саатка жетпей жыйынтыкталган МККнын ички иликтөөсүндөй эмес.

Атамбаевдин айтканы боюнча, ал жүргүзүлүп жатканын билет жана айрым бир майда-чүйдөлөрү же алдын ала жыйынтыктары менен тааныш. Бирок УКМКнын кызматкерлери иликтөөнүн авторлору жана бардык далилдери колдорунда бар швециялык санарип криминалисттер менен байланышыпаганын эске алганда бул бир аз таң калаарлык болуп турат.

Биз ошондой эле, бул иликтөө адилеттүү болоорунан үмүт кылабыз. Бирок Атамбаевдин коомчулуктун алдында «чагым» жана «денедеги клоптор» деген сөздөрү тилекке каршы тескери нерселерди айгинелейт».

Самарагейт

«Клооптун» журналисттери 26-октябрда МККнын серверин өткөн президенттик шайлоого таасир этүү аракети үчүн колдонулганы жөнүндө иликтөө чыгарган.

Иликтөөнүн авторлору швециялык Qurium фондусунун санарип криминалисттери менен биргеликте президенттик шайлоодогу үгүт иштери учурунда Кыргызстандын өкмөтүнүн сервери бир айдын аралыгында өзүнө samara.kg деген мамлекеттик эмес сайтты камтыганын далилдешкен.

Иликтөө чыгарылгандан кийин МКК жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында «мамлекеттик серверлерде эч кандай жеке сайт камтылбаганын» жана МКК «адистер веб-серверлерлердин ишине тышкы таасир этүүнү табышкан жок» деп билдирип, төгүндөөөнү талап кылган.

Өз кезегинде, иликтөөнүн авторлору билдиришкендей, башында алар МККнын серверлерине чабуулдар жөнүндө жазышкан эмес, МКК өз жообу менен «Самаранын» иштеши өз кызматкерлери камсыздашы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) тастыктады.

МКК «Самара» боюнча иликтөө үчүн «Клоопту» сотко бере тургандыгын жарыялап, макаланы «божомол жана иллюзия» деп атаган. Басылманын редакциясы бул билдирүүнү маселенин өзөгүнөн көңүлдү башка жакка буруп, көз карандысыз ЖМКга басым көрсөтүү аракети катары кабыл алган. Иликтөө жарыкка чыгып аткан учурда мекеме Kloop.kgни сотко бере элек болчу.

Иликтөөнүн авторлору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитетти (УКМК), Ички иштер министрлигин (ИИМ) жана Башкы прокуратураны МККнын ишмердигине карата иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.

ТЕМА БОЮНЧА: