Атамбаев КСДПнын лидери катары шайлоого аттанышы мүмкүн

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстан социал-демократтар партиясынан парламенттик шайлоого аттанышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда Атамбаев бир нече жолу президенттик кызматтан кийин ишкерлик жана чыгармачылык менен алектене тургандыгын билдирген.

«Азаттыктын» журналисти Атамбаевге президенттик кызматтан кеткенден кийин парламентке барабы же жокпу деген суроо узатты.

«Парламенттик шайлоого мен КСДПны даярдайм. Мүмкүн өзүм дагы биринчи номур менен барып калам», — деп билдирди ал.

Мындан тышкары, президент парламентти катуу сынга алганын, ал жакта «мурдунан алысты көрө албаган, сабатсыз» адамдар отурганы үчүн деп түшүндүрдү.  

«Албетте, мен парламентти сындайм. Ошол темир жолго насыя алып куруп койсо болмок. Ал жакта кандайдыр бир сабатсыз, алысты көрө албаган адамдар отурушат. Бардыгы эмес, бирок көпчүлүгү» — деди ал.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда саясатта калаарын, бирок эмне менен алектенээрин тактай элек экенин билдирген.

Атамбаев премьер-министр да, парламент спикери да, президент да болбой турганын бир нече жолу айткан болчу. Ал чыгармачылык же ишкердик менен алектенээрин айткан.

«Мен ар дайым чыгармачылык жана ишкердик менен алектенүүнү кыялданчумун. Кийинки жылы менде көп убакыт болот […] Келгиле, бир жыл күтө туралы, анан менде окууга убакыт пайда болот. Мага окуган аябай жагат, бирок, тилекке каршы, азыр убакыт жок», — деген Атамбаев 2016-жылдын аягында.

Андан тышкары, саясаттан «максималдуу түрдө алыстоого» аракет кылып атканын билдирген.

«Мен уктап, китептерди окуйм. Мен ар дайым пианинодо ойногонду үйрөнүүнү каалайт элем. Албетте, өлкө мен үчүн ар дайым кымбат болот. Мен колдон келишинче, жаңы адамдар — жаңы президент, жаңы премьер-министр — жакшы иштеши үчүн алыстаганга аракет кылам» — деген Атамбаев.

Атамбаев президенттик кызматтан бийликчил саясатчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өткөндөн кийин кетет. Салтанат 24-ноябрга белгиленген.


ТЕМА БОЮНЧА: