Жалал-Абад: Депутатттар шаар мэрин дээрлик бир жыл тандашты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калаанын мэрлик ордуна Салайдин Авазовду тандашты. Эл өкүлдөрү шаардык кеңештин фракцияларынын ортосундагы пикир келишпестиктеринен улам мэрдин талапкерлигин өткөн жылдын декабрынан бери беките албай келишкен.

Көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн Авазовдун талапкерлиги үчүн шаардык кеңештин 30 депутаты добуш берген. Дагы бир депутат Майрамбек Адылбеков үчүн добуш берген. Ал атаандашынын программасы тааныштырылып жаткан учурда өз талапкерлигин алып салган.

Авазов Жалал-Абадды өнүктүрүү боюнча өзүнүн «Үлгүлүү шаар» программасы менен тааныштырып жатып, жакынкы төрт жылда беш мектеп менен беш бала бакчасын куруу планы бар экенин билдирди.

Ошондой эле, мэр эски суу түтүктөрүн алмаштырып, шаарды жарыктандырып, жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруп жана жолдорду кеңейткени жатат.

Буга чейин Авазов мэрлик кызматта үч жыл иштеген.

Депуттар фракциялардагы пикир келишпестиктерден улам шаар мэрин дээрлик бир жылдан бери тандай албай келишкен.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодон кийин Жалал-Абаддын шаардык кеңешине беш партия өткөн. Депутаттар КСДП бийликчил партиясы жок көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Социал-демократтар бул мыйзамсыз экенин билдиришип, өздөрүнүн кесиптештерин сотко беришкен. Бирок сот коалиция мыйзам боюнча түзүлгөн деп чечкен.

Ошондон кийин КСДП фракциялардын бирин, «Республика — Ата-Журт» партиясын, өзүнө тартып, коалицияны тарката алган.

Социал-демократтар жаңы коалиция түзүшкөн, бирок оппозициянын депутаттары шаардык кеңештин жыйындарына катышпай калышкан.

Кворумдун жокутугун улам эл өкүлдөрү өздөрүнө мэр шайлай алышпай, шаардын бюджетин беките албай калышкан.

Оппозиция тарабынын жыйындардарга катышпагандыктары шаардык кеңештин өзүнөн-өзү таркашына жана кайра шайлоо жарыялоого алып келген.

Депутаттарды мөөнөтсүз шайлоо 2017-жылдын май айында өткөн. Шаардык кеңешке алты партия өтүп, алдыңкылардан болуп оппозициялык «Өнүгүү — Прогресс» партиясы келсе, ал эми экинчи орунду бийликчил КСДП партиясы ээлеген.

Бирок КСДП кошулган төрт фракциянын коалициясы узакка созулган талаштардан кийин ноябрь айында гана түзүлгөн. Шайлоодо жеңген «Өнүгүү — Прогресс» башка партия менен оппозицияга кеткен.

Депутаттар спикер менен анын орун басарларын 9-ноябрда тандашып, Боршайком шаар мэрин дайындай алган.


ТЕМА БОЮНЧА: