Милиционерлер бир апта ичинде 189 мас айдоочуга штраф салышты

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) бир апта ичинде 189 мас абалдагы жана 1800дөн ашуун ылдамдыкты жогорулаткан айдоочуларды аныкташкан.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖКККББ жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн 27-ноябрдан тартып 4-декабрга чейин «Рулда» деген аталыштагы рейд жүргүзгөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, милиционерлер бир апта ичинде 17 миңден ашуун жол кыйымылынын эреже бузуучуларына штраф салышкан:

  • 189 — мас абалдагы айдоочулар;
  • 1800дөн ашуун айдоочу ылдамдыкты жогорулатышкан;
  • 500дөн ашуун адам жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп кетишкен;
  • 2600дөн ашуун айдоочу жол белгилерин сакташкан эмес;
  • 370 адам документсиз унаа айдашкан;
  • 40 айдоочу машинанын алдыңкы айнегин караңгылатып айдашкан.

Эреже бузгандардын көпчүлүгү Бишкек менен Чүй облусунда аныкталып, 500дөн ашуун машина айып унаа токтотуу жайына жеткирилген.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону өкмөт башчысы Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Премьер-министр Исаков 20-ноябрда билдиргендей, Кыргызстандын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.


ТЕМА БОЮНЧА: