Баткен: Кенчилер «мыйзамсыз» шахталарда көмүр казууга уруксат берүүнү талап кылышты

Кызыл-Кыя мэриясынын астында митингге чыккан жергиликтүүлөр. Сүрөт: Турмуш

Кызыл-Кыя мэриясынын алдына 22-декабрь күнү «мыйзамсыз» деп табылган шахталарда көмүр казууга уруксат берүү талабы менен 300гө жакын жергиликтүүлөр митингге чыгышты.

Кызыл-Кыя шаарына чектеш жайгашкан Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан көмүр шахталарында «мыйзамсыз» иш алып барып жатат деген жүйө менен 12-декабрда электр жарыгы өчүрүлгөн. 

Көмүр кенинде иштеген Кызыл-Кыя шаарыны тургундары буга нааразы болушуп, 22-декабрь күнү мэриянын имаратынын алдында митингге чыгышты.

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин «Клоопко» маалымдашынча, аталган шахталарда иштеген кенчилер шахтадагы өчүрүлгөн электр жарыгын кайтарып берүүнү талап кылган.

«Мамлекеттик экотехникалык инспекция тарабынан он күн мурун шахталарга электр жарыгын берүү токтотулган. [...] Жергиликтүүлөр кыш мезгилинде башка жумуш жок деген жүйө менен жарыкты кайра берүүнү суранышууда», — деди Топчубаев.

Топчубаевдин айтымында, шаар бийлиги шахтёрлорго кен казуу үчүн атайын ишкана ачууну сунуштоодо.

Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын Кадамжай району боюнча башчысы Мирзалим Асанкулов «Клооптун» кабарчысына кабарлагандай, Үч-Коргон айыл аймагындагы 50гө жакын кен казуу очокторунун иш алып баруусу «мыйзамсыз» деп табылган.

«Совет мезгилинде казыла баштаган кен казуу очоктору мыйзамсыз иштетилип келген. Мында ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат кагаздарын даярдап, ишкана ачуу керек эле. Жергиликтүүлөр эч кимди угушпай, жашыруун тиричилик кылышат. Ошон үчүн да адам өмүрүн алган фактылат катталып жатат», — деп билдирди Асанкулов.

Ошол эле көмүр шахталарынын биринде 20-декабрда газга ууланып 38 жаштагы кенчи каза болгон. Куткаруучулар шахтёрдун сөөгүн 80 метр тереңдиктен алып чыгышкан.

Ушул жылдын жай айларында Баткен облусунун Самаркендек айылындагы көмүр шахтасынын айланасын тосуп жаткан куткаруучулардын бири көз жумуп, дагы бири оор абалда бейтапканага түшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: