Ош облусундагы Алай районунун аймагында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Сейсмология институтунунан билдиришкендей, 26-декабрь күнү Алай районунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү болжол менен түнкү саат 03:02де болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк жана Иркештам айылдарында силкинүү күчү 4 баллга жеткен.
Районго жакын жайгашкан Кара-Киндик айылында 3,5 балл болсо, Арча-Булак менен Сары-Таш айылдарында 3 баллдык титирөө катталган.
Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөөлөр уланууда
- Бийлик жер титирөөдөн зыян тарткан райондордо чатыр мектептерди ачат
- Мамкамсыздоо Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 4 миллион сомдон ашуун акча төлөп берди